"Эркин-Тоо"

ЧЫН ДИЛДЕН ЖАСАЛГАН АК КЫЗМАТ – ӨЛКӨНҮН ӨЗГӨРҮП, ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗДАЙТ

Соңку жылдары социалдык булактардагы ар түрдүү негативдүү маалыматтарды, окуяларды байма-бай көрүп, элдин маанайы түшүп, өлкөдөгү баалуу ресурстарыбызга көңүл бурулбай, натыйжада мамлекет башында отурган атка минерлерге карата өтө суз, салкын мамилелер жаралып жатканы түшүнүктүү.

Мындай шартта биз “Жакшынын шарапаты – жамандын кесепети” деген нускалуу сөздү мисал кылып, биздин өлкөдө чындап татыктуу эмгектенген, өз кесибинин анык ээси болгон каармандарды да үлгү катары чагылдырып туруу максатын көздөйбүз.

Мамлекетке, коомго өз тармагындагы кызматы аркылуу талбай эмгек жасап жаткан улан-кыздарыбыздын демилгелүү иш-аракеттерине ар тараптан колдоо көрсөтүү учур талабы.Жасалып жаткан жакшы иштерди жарыялоо менен мындан ары да демилгелүү иштердин саны артып, улана берсе деген ак тилек.

Бүгүн биз Чүй облусундагы ЫсыкАта районуна караштуу Логвиненко айыл аймагынын башчысы Самтыров Ногойбек Жапанбековичтин айылдын тургундары үчүн жасап жаткан алгылыктуу иштери туурасында элдин көз карашын, пикирин ортого салдык.

Бактыбек Алымбеков, КРнын эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана юриспруденция кафедрасынын башчысы, генерал-майор, юридика илимдеринин доктору:

— Учурда эл кадр тандоо маселесине абдан көңүл буруп, өнүгүүнү, өзгөрүүнү, жаңыланууну каалап турган мезгил. Көп бийлик алмашты, көп жаман-жакшы аралашты.

Улуу инсандарыбыздын көч башында турган Исхак Раззаков айтмакчы, “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” демекчи, элибиздин эңсеп, тилегени – кесипкөй кадрлардын катары артып, бардык тармакта алдыга жылуу болсо деген чоң көксөө турат.

Түптүү элибиздин, көрөңгөлүү журтубуздун артыкчылыгы – башыбызга канчалык адилетсиздик, оорчулук, татаалдык келсе да ар-намысыбыздан жанбай, жүрөгүбүздө ата-бабабыздан бери сакталган нарк-нусканы бекем сактап, бирдиктүү кайрат, дем-күч менен улам алдыны көздөй багыт алуудабыз. Канчалаган кыйын кезеңдер орун алса да уюткулуу адебибиз, акылмандуулугубуз, эң башкысы көктө жанган жылдыздай бийиктигибиз менен алакандай өлкө болсок да өз туубузду өйдө кармап, өз сапарыбызды улантып келебиз.

Ногойбек Самтыров аттуу биз жакшы билген, эл арасынан чыккан, бычакка сап жигитибиз туурасында айткым келет. Ата-эненин ак батасы, ыраазычылыгы менен түз чоңойгон Ногойбек азыркы тапта өтөлгөлүү иштери менен өзүнөн кийинки жаштарга өрнөк болууда. Ал айыл аймагынын башчысы болгондон бери элдин камын ойлоо менен калыс, чынчыл мүнөзүнөн тайбай, туура иштерди жасап жатканына күбө болуп отурабыз.

Биз өзүбүздүн татыктуу эмгектенген улан-кыздарыбызды, эр-азаматтарыбызды колдой алсак, ар дайым чындыкты, адилеттикти туу тутсак, эч кандай геосаясат да, эч кандай душмандар да өлкөбүзгө кол салып, көз карандылыгыбызга көлөкө түшүрө да албайт.

Коррупциялык схемалардан алыс, ак жүрөк, адилет, чынчыл, таза инсандар бар. Бүгүн биз аларга таяна алабыз.

tov-nurtilek-1.jpg» alt=»» class=»wp-image-5725 size-full»/>

Нуртилек Маматов,  бизнес тармагынын өкүлү:

— Ногойбек жөнүндө Ысык-Ата районунда колдоого алаарлык көз караштар арбын. Бул жигит айыл аймагынын башчысы болоор менен дароо буга чейин аткарылбай келген бир катар маселелерге токтолду. Жашоочулар үчүн маанилүү болгон таза суу, жарыктандыруу, жолдорду оңдоо программасын колго алды. Азыр Ногойбекке карата тургундар ишеним менен карап, ыраазы болууда.

Иш бөлмөсүндө буйрук берип отура бербей, ар бир жашоочунун мүдөөсүн жеринен угуп, талыкпай иштеп жатканына күбө болуп отурабыз.

Иштин көзүн билген элдик азамат жигиттин мындан аркы иштерине жемиштүү жетишкендиктерди каалайм жана колдойм. Үй-бүлөсү менен ар дайым ден соолукта болуп, элдин алкышына арзып, бар болсун дегим келет.

Анарбек Орозалиев,  КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин отставкадагы полковниги:

— Ногойбек Самтыров мурда Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Логвиненко айыл аймагында айылдык Кеңештин депутаты болуп да иштеген жигит. Ошол жерден билим алган, ата-энесинен татыктуу тарбия көргөн зээндүү, зирек инсан катары бүгүнкү күндөөз аймагын көтөрүүүчүн колунан келген аракетин жумшоо менен ак дилден эмгек жасоодо.

Мурда жергиликтүү элди далай проблемаларга батырган айыл өкмөт башчыларынын начар иштери Ногойбек Самтыровдун келиши менен тез аранын ичинде оңолуу жолуна түштү. Азыр Логвиненко айыл аймагынын жашоочулары жашы-карысы, улуу-кичүүсү биргеликте Самтыровду өз уулундай колдоп, жылуу пикирлерин айтып жатат. Мен Ногойбекти таза, ар дайым өз пикири бар, адилеттүү, тайманбас жигит экенин жакшы билем жана колдойм.

Элди жылуу маанай менен кабыл алып, суроо-талабын оң жагына чечип берип, күңгөй-тескей маселелерди орду менен карап, адилеттүү иш алып барганы өз натыйжасын берүүдө.

“Эл менен сен бийиксиң” деген жакшы нуска бар элибизде. Калктын суроо-талабы менен эсептеше билген жетекчилер мамлекеттин рычагы болоорунда талаш жок.

Ак эмгектин үзүрү болбой койбойт. Элге канчалык жакшы иштерди берилүү менен жасасак, анын жемишин калк өзү көрүп, кастарлап алат.

Асем Карабаева,  бизнес тармагынын өкүлү, Чоң-Далы айылынын тургуну:

— Акыркы мезгилде Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Логвиненко айыл аймагында бир топ көзгө көрүнөөрлүк иштер аткарылып жатканына күбө болуп жатабыз. Айыл аймагынын башчысы Ногойбек Самтыров эмгек жамааты менен биргеликте бир катар жакшы иштерди аткарууга жетишти жана бул иштер алдыда улана берээрине ишенем.

Чындыгында жергиликтүү тургундар айтып жаткандай Ногойбек Самтыровдун көзөмөлүндө Чоң-Далы айылындагы Бөлөбалаев көчөсү толугу менен ачылып, жолго гравий төшөлдү, Марс көчөсүнө электр жарыгы орнотулуп, Чоң-Далы айылында таза суу программасы ишке ашырылууда. Кыска мөөнөттө Новопокровканын башкы  трассасынан баштап, БЧКнын үстүндөгү көпүрөгө чейин асфальт жасалды. Чоң-Далы айылындагы спорткомплексти эксплуатацияга бериш үчүн ремонт жүргүзүлүп жатат. Эл өзү тандап шайлаган азаматтар гана чын дилден кызмат кылат. Чыныгы өнүгүү жана өзгөрүү ошондо гана болоорун айткым келет.

Майрамбек Акунов,  КРнын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын доценти, милициянын полковниги:

— “Атын атасаң куту сүйүнөт” демекчи, ар бир кесипкөй инсандын жасап жаткан пайдалуу, натыйжалуу иштерин өз убагында айтып, коомчулукка жеткирип туруу – иштин эффективдүүлүгүн арттырат эмеспи.

“Ааламга кетүүчү жол – айылдан башталат”. Эгерде жергиликтүү бийлик ээлери элдин суроо-талабын, максатын жеринде угуп, чечип, көйгөйлүү маселелерди тактап, адилеттүү башкаруу системасын колдонсо өсүш орун алат. Ал эми айылда жашаган тургундардын жашоосу өзгөрүлүп, жакшы нукка бурулса – бул мамлекеттин келечектүүлүгүн камсыздайт. Демек, аймактардагы алгылыктуу иштер сөзсүз өлкөнүнөнүгүүсүн шарттайт. Бул багыттан алганда, Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Логвиненко айыл аймагынын башчысы Самтыров Ногойбек Жапанбековичтин аткарып жаткан иштерине ыраазы болуп келе жатам. Ногойбектин айткан сөзү аткарган ишине дал келип, айыл элинин турмушуна өзгөчө көңүл бөлүп, камкордук жасап жатканы алкоого арзыйт. Ушундай эл-жер үчүн күйгөн элдик азамат уул-кыздарыбыздын саны арта беришин каалайм.

Саламат Ниязалиев,  эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын бүтүрүүчүсү-юрист, Логвиненко айыл аймагынын тургуну, жаштардын өкүлү:

 — Жаштар ар дайым улуулардан сабак алат. Аларды карап түздөнүп, алар баскан из менен жол улайт.

Мен замандаш бир тууганым Ногойбек Самтыров жөнүндө айта алам. Анткени, бул инсан Ысык-Ата районуна караштуу Логвиненко айыл аймагынын экс-депутаты жана учурда ушул эле айыл аймагынын жетекчиси катары ишмердүүлүгүндө улам бир жаңылык киргизип, жетишкендиктерди көрсөтүүдө.

Менин ыраазы болгонум, Ногойбек айылдын ар бир жашоочусунун кандай шартта, жагдайда жашап жатканына кызыкдар жана тургундардын ар бир маселесине кылдаттык менен көңүл бурган калыс, креативдүү жетекчи катары айырмаланат.

Жаштардын идеясын ар тараптан колдогон көрөгөч жана түшүнүгү, билими терең адам.

Ким болбосун, баарына тегиз караган калыстыгы бар жана кызматына таянып, манчыркабай, ар дайым өзүнүн жөнөкөйлүгү менен элге алынган инсан.

Ошону менен бирге Чоң-Далы айылына кичи футбол талаасын курдурууга, Күренкеев көчөсүнө толугу менен электр жарыгын орнотууга күч-аракеттерин жумшаган айылдык Кеңештин депутаттары Көчөров Рамиль, Ниязалиев Кубандык, Болотов Кайраттын натыйжалуу эмгектерин да белгилеп кетким келет.

 Биз – жаштар кадр маселесинде тактык жана тазалык орун алышын каалайбыз. Ар бир тармакта өз кесибинин фанаттары эмгектенип, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын оңдоого өз салымдарын кошсо деген максаттабыз. Биз адилеттикти, көсөмдүктү жана ишмердүүлүктү ар дайым колдойбуз.

Биздин ишенимде Кыргызстан келечекте сөзсүз алдыңкы, өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Анткени, ага негиз берген билимдүү, ар тараптуу, өз кесибин чын дилден баалаган эже-агайларыбыздын, улан-кыздарыбыздын катары артууда.

Биз элибиздин биримдигин, тынчтыгын камсыз кылуу менен чыныгы кесипкөйлөргөөз эшигин ачып берүүгөүн кошууга даярбыз. Биз өлкөбүздүн эртеңки жаркын турмушу, калктын жакшы жашоого болгон үмүтүн арттыруу үчүн ар кимибиз өз тармагыбызда татыктуу кызмат аткарууга милдеттүүбүз.

Жээнбүбү Тукендерова

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!