Чынар КАПАРОВА: “КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮДӨ КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУНА ИШЕНИМ ЧОҢ”

Филология илимдеринин кандидаты Чынар КАПАРОВА

— Чынара айым, Президент тарабынан жалпы Элдик Курултайдын чакырылышын колдойсузбу?

— Албетте колдойм. Курултай – эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло турган институт. Анын Конституциялык жана укуктук багыттары боюнча көп эле сын пикирлер айтылып жатат. Ошого карабастан элдин жүрөгүн өйүгөн, бирок чечилбеген маселелер Курултайда айтылып, Президент тарабынан көзөмөлдөнүшү мамлекеттин өнүгүүсүнүн эң жакшы кадамы, маселелерди чечүүнүн дагы бир жакшы жолу десем болот. Өкүлчүлүктүү орган катары Курултайда көтөрүлгөн маселелер, элдин сунуш-пикири эске алынып, үндөрү тиешелүү жактарга жетет деп ойлойм.

— Алдыда өтө турган Курултайга өзүңүз жашаган аймактан делегат болуп шайланыптырсыз. Делегаттарды чынында эле эл шайладыбы?

— Ооба, Курултайга Бишкек шаарынын Ленин районунан делегат болуп шайландым. Адегенде мага өз айылымдан өкүлү болуп баруумду суранышкан. Учурдагы илимий иштеримдин үстүндөгү эмгектер, жумушум өкүл болуудан баш тартканга себеп болсо, бир четинен айыл аксакалдары же болбосо көйгөлөрдү жеринде жакшы билгендердин баруусун туура көрдүм. Бул туурасында социалдык тармактарга да жаздым эле. Ошого карабастан борборубуздун өзүм жашаган аймагындагы жашоочулар алдыда өтө турган Элдик Курултайда бүгүнкү күндөгү көйгөй жараткан маселелерди, элдин үнүн жеткирүүмдү суранышкандыктан макул болууга туура келди. Бул жеке мен үчүн биринчи кезекте эң чоң жоопкерчилик. Анткени өзүм да Ленин районунун ЧоңАрык айыл аймагындагы активдүү жарандардын биримин. Жашоочулардын көйгөй жараткан маселелерин чечүү, акыркы учурдагы баш аламан курулуштарга каршы туруу, ирригациялык системалардагы, жарыктандыруу жаатындагы кездешүүчү көйгөйлөр менен жакындан таанышмын. Ошондуктан эл ишеним артып, мени делегат кылып көрсөткөндүгүнүн негизги себеби да активдүү жарандык позициямдан улам болсо керек. Кыргызстандын жараны, борборубуздун тургуну катары мени өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар бир тепкичи кызыктырат. Андыктан кадырбаркымды салып же таасирдүү айрым бирөөлөрдүн айтканы менен делегат болгон жокмун.

— Шаарыбызда айтыла элек көйгөйлөр, көтөрүлө элек маселелер дагы деле арбын экенби?

— Албетте, Бишкек шаарыбыздын көйгөйү шаар башында турган адамдардын эле эмес жалпыбыздын көйгөйүбүз. Делегаттарды шайлоо үчүн өткөн элдик жыйында тургундарды түйшөлткөн бир топ маселелер айтылды. Негизи эле шаар чоң, чечүүчү маселелер андан да көп эмеспи. Мени делегат кылып шайлаган соң, тургундар менен кеңешип алдыда чечүүгө тийиш болгон беш маселени көтөрүп чыктык. Аларга токтолсом, борборубуздагы Фучик көчөсү аркылуу өтө турган эстакадалык көпүрөнүн курулушу, мектептер жана анын карамагына кошумча имараттарды куруп берүү, бала бакчалар менен камсыз кылуу жана аймактарды газга өткөрүү маселелери болуп саналат. Акыркысы бүгүнкү күндө өтө эле актуалдуу болуп жаткан ыш-түтүн маселесине барып такалат. Ошондуктан жалпыбыз күрөшө турган иш. Жакында төрт райондун делегаттары жолугушуу өткөрүп, Курултайда жалпы көйгөйлөрдү аткаруу бийлигине элдин үнүн жеткирүү үчүн баяндамачы кылып мени дайындашты. Шаар тургундары үмүт артып, делегат кылып шайлаган соң, мен алардын ишеничин акташым керек. Шаарыбыздын өнүгүшү үчүн жалпыбыз жапырт аракет кылууга тийишпиз.

Акыркы учурда борборубуздун ар тарабынан орун алган баш аламан курулуштардын өтө эле көбөйүп кеткендиги мени шаар тургуну, өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жаран катары абдан ойлондурат. Алар албетте таасирдүү бийлик адамдарыныкы же болбосо капчыктуу ишкерлердики экендиги айтпасак да белгилүү. Заңгыраган асман тиреген имараттардын курулушу албетте шаарыбызга көрк кошот. Бирок биринчи иретте биз алардын мыйзамдуулугуна, инфраструктуралык жактан тууралыгына маани беришибиз керек. “Боекчу десе эле атасынын сакалынан бери боёптур” болбошубуз керек. Байкалбаганы менен баш аламан курулуштар көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай эле тийип жатат. Анын аркасы менен ичүүчү жана сугат суулар элге жеткиликтүү болбой, жашылдандыруу багытында эң чоң көйгөйлөр жаралууда. Ушундай ыргакта кете берсек келечекте жашылдан эч нерсе калбай калышын бөркүмдөй эле көрүп турам. Мындай учурлар менин дагы өз башымдан өтүүдө. Кыскасы, чындап элдин көңүлүн бурган көйгөйлөрдү чечүүдө Курултайга үмүт чоң.

— Сиздин оюңузда Элдик Курултайга шайланган делегаттардын Жогорку Кеңештин депутаттарынан артыкчылыгы эмнеде?

— Айрым Жогорку Кеңештин депутаттарын тынчсыздандырган маселенин бири да ушул болууда. Бул жерде Президентибиз Садыр Жапаров көрөгөчтүк кылып жаткандыгын баса белгилешибиз керек. Маанисине, аткара турган иштерине байланыштуу эки бутак бирин-бири толуктап турмай болуп жатат. Мындан саясат жасоонун кереги жок деп эсептейм. Менин көз карашымда да туура багыт. Депутаттардан айырмаланып делегаттар бир жылга шайланып келишет. Ал аралыкта көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн жыйынтыгы үчүн жан үрөп иштейт. Бирок, Элдик Курултайга шайланып келген делегаттар учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан билимдүүлүгү, маданияттуулугу, эң негизгиси деңгээли, көтөрүп чыккан сунуш-пикирлери менен айырмаланып турушу керек. Элдин жүгү деген оңой нерсе эмес. Ошол эле учурда кайрадан элге жыйынтык чыгарып, отчет берип туруу зарылдыгын да белгилегим келет.

— Делегат тандоо ишине бийлик өкүлдөрү тарабынан кийлигишүү болдубу?

— Буга чейин Курултайларга жалаң жасалма шайлангандар катышат деп ойлогом. Мурункуларды билбейм, бул жолу тандоо иштерине бийлик тараптан эч кандай кийлигишүү болгон жок деп так кесе айта алам. Ага жыйындын катышуучулары күбө. Добуш берүү райондун тургундарынын катышуусу менен, талаш-тартыштын негизинде чечилди. Эми делегаттар көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунушубузду берип, жогору жак көзөмөлдөп, жыйынтыгын калкка так жеткирип Курултай институтунун чыныгы милдетин ишке ашырабыз деген ишеничим зор. Эң башкысы, Курултайда ири, орчундуу, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болчу негизги багыттар тууралуу да сөз болот деп күтөм.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Разия ЖООШБАЕВА

error: Content is protected !!