Белорусиянын борбору Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык форуму өз ишин жыйынтыктады. Мамлекет башчылары, эл аралык өнөктөштөр, экономикалык жана саясий серепчилер катышкан форумдун ишин чагылдырууга 12 мамлекеттин 30дан ашуун маалыматтык агенттиктери, телерадиоканалдары жана басылмалары тартылган. Анда Кыргызстандан барган медиа өкүлдөрдун ичинен Чынар Капарова доклад жасап, бир катар сунуш-пикирлерин ортого салган. Биз Чынар Капарова менен байланышып, бир катар суроолорубузга жооп алдык.
— Чынар айым, Евразия экономикалык форумунда доклад жасадыңыз, ал эмне туурасында болду?
— Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдиктин Евразия экономикалык форуму ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык, экономикалык, рынок жана санариптешүүгө байланышкан түрдүү маселелерге арналган иш-чара болду. Форумдун негизги темалары ЕАЭБдин экономикалык интеграциясы жана стратегиялык артыкчылыктары, ички рынокту өнүктүрүү, санарип экономикага өтүү жана бирдиктүү санариптик аймакты түзүү, тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтүү, логистиканы жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү, Кытай, Индия, Египет, Иран, Вьетнам өңдүү биримдикке мүчө эмес мамлекеттер менен кызматташтыкты, аны менен тышкы сооданы кеңейтүү болуп эсептелет. Мен уюмга мүчө мамлекеттин медиа өкүлү, УТРКнын иш башкаруучусу, журналист катары бул форумга катышып, анда “ЕАЭБдин позитивдүү имиджин түзүү: Евразия экономикалык интеграциясынын идеяларын маалыматтык колдоо” аталышындагы сессиясында спикер болдум. Бул теманын алкагында “Евразия экономикалык биримдигинин позитивдүү образын түзүүдө жаңы медианын ролу” аталышындагы докладымды окудум.
— ЕАЭБ – бул эл аралык экономикалык уюм. Ал Россия, Беларусь, Казакстан, Армения жана биздин Кыргызстандын ортосундагы интеграцияны кеңейтүү максатында 2015-жылы түзүлүп, 10 жылдан ашуун ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканына карабай коомчулукта биримдик боюнча маалымат аз. Балким, маселе биримдиктин аткарып жаткан иштерин коомчулукка чагылдырууда болуп жатабы деген ой келет?..
— Туура айтасыз, ЕАЭБ ишмердүүлүгү жана ага мүчө мамлекеттердин ролу боюнча даярдалган журналисттердин макалаларын жана репортаждарын таап, таанышып чыгууга мен дагы аракет кылдым. Мага бул тема ММКда кандай чагылдырылып келе жатканы жана коом тарабынан кандай кабыл алынып жатканы кызык болду. Ооба, ар бир мүчө мамлекеттин журналисттери аны ар багытта чагылдырат. Бул улуттук кызыкчылыкка, саясий мамилелерге жана коомдук абалга байланыштуу экенин байкоого болот. Мисалы россиялык медиа бул биримдикти “ЕАЭС набирает силу: интеграция как ответ на санкции”, же “Общий рынок без барьеров – новая фаза развития ЕАЭС” деген өңдүү заголовкалар менен позитивдүү маанайда берип келе жатышат. Анан албетте, экономикалык интеграциянын, соода жана санариптик жаңылануулардын ийгиликтерине, айтор биримдиктин алкагындагы ар бир маселени оң жагынан чагылдырууга аракет кылаарын аныктадым. Бул түшүнүктүү деңизчи. Анткени, биримдиктин иштеп, андан ары өнүгүп, мүчө-мамлекеттердин санын кеңейтүүгө биринчи кезекте Россия тарап кызыкдар экени белгилүү. Албетте, Белорусия, Армения, Казактан жана Кыргызстандын журналисттери үчүн да биримдиктин темасы абдан актуалдуу. Бирок, Россиялык ММКга караганда биримдикке мүчө башка өлкөлөрдө теманы ашыкча мактап, же обу жок жамандап жибербестен, токтоолук мүнөздө берээрин байкадым. Көпчүлүк учурда журналисттер биримдиктин пайдасына көңүл бурушат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жалпы жонунан алганда биримдикке мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын көпчүлүгү “ЕАЭБ бул жакшы” деген расмий линияны карманышат экен. Бирок дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялардын алкагында социалдык тармактардан “биримдикке кошулуунун кандай пайдасы бар, ал бизге эмне берет, биз андан эмне ала алабыз?” деген коомчулуктун суроолорун, комментарийлерин, пикирлерин окууга болот. Коомчулук түрдүү эл аралык уюмдарга кошулуу сөзсүз экономикалык пайда алып келет деп кабылдайт. Кыргызстандын
ММКлары ЕАЭБ алкагындагы тоскоолдуктар, теңсиздиктер жана интеграциянын кечеңдеп жаткандыгы боюнча аналитикалык макалаларды да жарыялап келишет. Мамлекеттик ММКлар албетте биримдиктин позитивдүү жагдайларын айтып гана тим болбостон, ошол эле учурда экспорт, миграция, баа ж.б. маселелерге, көйгөйлөргө басым жасашат.
— Форумда сиз тараптан кандай сунуштар болду?
— Жогоруда тизмектелгендей, коомчулукка биримдиктин алкагындагы маалыматтар берилип жатканы менен, азыркы коом кеңири жазылган аналитиканы окуй бербейт экен. Тиешелүү экономикалык адистер, саясатчылар гана сүңгүп кирип, кызыгып окушат. Кайсы ММК кандай чагылдырып жатканына баа бере алышат. Ишкерлер, бизнес чөйрөсү да биримдиктин алкагындагы жеңилдиктерди издешет. Ошондуктан, жаңы медиа доорунда ЕАЭБдин ишмердүүлүгүн коомго кандай багытта жеткире алабыз деген суроо жаралат. Ооба, жаңы медианын коомдун аң-сезимине таасири кадыресе жогорулаган. Ошондуктан, аны туура жана пайдалуу колдоно билүү маанилүү. Салттуу медиага болгон ишенимдин чектелген мезгилинде жана санариптик маалыматты керектөөнүн өсүү шарттарында жаңы медиа өзгөчө жаш муундун жана жалпы аудиториянын арасында коомдук пикирди калыптандыруунун маанилүү куралы болуп калганын тана албайбыз. Мына ушул тенденциянын алкагында, мен жаңы маалыматтык реалдуулукту эске алууну, башкача айтканда эл маалыматты социалдык тармактардан, медиаплатформалардан, подкаст, блок, инфографика аркылуу, инфлюенсерлерден, коомдук пикирди жаратуучу лидерлерден алып жатканына басым жасадым. Дал ушул платформалардан эл ЕАЭБ өңдүү эл аралык биримдиктер, демилгелер туурасында маалыматтарды алышат. Биримдик 10 жылдан ашуун ишмердүулүк жүргүзүп жатканына карабастан, коомдук аң-сезимде ал бүдөмүк кабыл алынууда. Катышуучу өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары интеграция алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этип жатканын билишпейт. Натыйжада, ЕАЭБ күнүмдүк турмуш менен байланышы жок абстракттуу саясий-экономикалык механизм катары кабылданууда. Мунун себеби, эффективдүү коммуникациялык стратегиянын жоктугу. Бир эле мисал, көпчүлүк беларусь жарандарынын биздин Ысык-Көл жөнүндө маалыматы жогу болду. Кайда барып эс аласыздар десем, Россия менен Түркияны айтышты. Бизде да туризм жакшы жолдо экенин айтып, Кыргызстан, анын жашыл жаратылышы, бийик тоолору, шаркырап аккан мөлтүр суулары туурасында тартылган мыкты фильмдерди сунуштадым. ЕАЭБдин позитивдүү имиджин түзүү үчүн жаңы медианын потенциалына токтолуп, төмөнкү сунуштарымды жолдодум. Конкреттүү адамдардын, мисалы студенттердин, ишкерлердин, адистердин окуялары аркылуу аудиторияга ЕАЭБдин реалдуу пайдасын жеткирүү. Расмий документтерде бюрократиялык тил колдонулса, жаңы медиа жөнөкөй тилди жана визуализацияны сунуштайт. Мисалы, “ЕАЭБ жеке сизге эмне берет?”, “Сиз билбеген артыкчылыктар” деген жөнөкөй суроолордун алкагында элге түшүнүктүү маалымат жеткирүү. Жаңы медианын өзгөчө артыкчылыгы – маалыматтык чакырыктарга тез жооп берет, мифтерге жана жалган маалыматка каршы туруу мүмкүнчүлүгү кеңири. Дагы бир артыкчылыгы – баарлашуу. Сурамжылоолор, комментарийлер жана түз берүүлөр аркылуу ишеним жаратуу. Жаңы медианы ЕАЭБдин ишмердүүлүгүн чагылдырууда натыйжалуу колдонуу боюнча контенттерди санариптик форматтарга ылайык адаптациялоону сунуштама катары киргиздим. Башкача айтканда, кыска видеороликтер, сторис, инфографика, Reels жана Shorts. Мындан тышкары аудиториянын ишенимине ээ болгон саясий блогерлерди жана инфлюенсерлерди тартуу. Керек болсо блогерлерге акча төлөө ыкмаларын кароо маселесин айттым. Айрым кесиптештер бул сунушумду кабыл алышты. Журналисттерге пресс-турларды, жаш журналист адистер арасында ар кандай фестиваль, сынактарды уюштуруу аркылуу коомчулукка маалыматтарды таркатуунун ыкмаларын берсе болоорун айттым.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

