Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Чынарбек Изабеков 51–55 жаштагылар үчүн D дивизионунда, 100 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүп, финалда америкалык Элвин Риггсти 6:2 эсебинде утуп, чемпион аталды.
Спортчу алгачкы таймашта молдовалык Валериан Заболотныйды 9:3 эсебинде артта калтырып, турнирди ишенимдүү баштаган. Жарым финалда түрк балбаны Мукеррем Кыйыны 3:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда италиялык Джузеппе Агнеллону 10:0 эсебинде уткан.
Бул жеңиш менен Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында бешинчи жолу дүйнө чемпиондугун алып жатат.