"Эркин-Тоо"
№82 2021-ЖЫЛДЫН 27-ИЮЛУ

Чыңгыз Макешов: “Дүйнөдө акыл эмгеги менен акча тапкандар алдыга чыкты”

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын бири Чыңгыз Макешовдон маек алуубуз депутаттардын Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусунун эртесине туш келгендиктен, алгачкы сурообуз мына ошол жолугушуу туурасында болду.

-Депутаттарды шайлоо маселесинде парламент азыр эки позицияда болуп калды. Бир тарабы колдосо, экинчи тарап бир мандаттуу округ болсо ызы-чууга алып келет, эл бөлүнүп калат деген позицияда болуп жатышат. Мыйзамды Президент сунуштап жаткандан кийин депутаттар тарабынан Президент менен бетме-бет жолугуп, оюн угалы, бизди да уксун, анан бир чечимге келели деген сунуш болду. Жолугушууда Президент өз позициясын айтты, биз да пикирлерибизди айттык. Депутаттар партиялык система кылып, партияны тандоо менен талапкерлердин фамилиясына добуш берүүнү да айтышты. Президент өзүңөр кеңешип чечим кабыл алгыла деди. Аялдар менен жаштардын да парламентке келишине шарт түзүү максатында 35 мандат бир мандаттуу округдан, 55 мандат партиялык тизме менен шайлоо принциби кала турган болду. Менимче депутаттар Президент менен түзмө-түз жолугушуп, түзмө-түз ойлорун айта алышты.

— Сиз активдүү жаран, ишкер катары экономиканы көтөрүү, мамлекетти өнүктүрүү боюнча ойлорду айтып жүрөсүз. Эми депутат болдуңуз, жаңы бийлик келди. Азыр сиздин пикириңизде экономиканы көтөрүү боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат?

— Эң негизги нерсе 30 жылдан бери алтыныбыз тышка ташылып кетип жаткан “Кумтөрдү” өзүбүзгө алдык. Муну бир да Президент кыла алган эмес. Садыр Жапаров ишке ашырды. Мына жакында Нью-Йорк сотунда биринчи жеңишке жеттик деп эсептейм. Сот иштери бир топко чейин созулушу мүмкүн. Бирок, өз алтыныбызды өзүбүз колго алууга батыл кадам жасаганыбыз кубандырат. Өткөн айда “Кумтөрдөн” 40 млн доллар таза киреше түштү. Кийинчерээк айына 60-70 млн доллар киреше түшөт деп жатышат. Бул жылына 500-700 млн доллар болуп жатпайбы. Эми ошол акчанын пайдасын эл көргөндөй иштетип кетиш биздин колубуздагы иш.

— “Кумтөрдү” өзүбүзгө алганыбыз инвесторлордун келишине терс таасирин берет дегенге кандай карайсыз?

— Инвестор эч нерсени бекер бербейт. 1 сом берип, 100 сом чыгарып алайын дейт. Аны биз түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан биринчи орунда биз өзүбүздүн жарандарыбыздын ички инвестициясын тартышыбыз, аларга шарт түзүшүбүз керек. Ички инвесторлордун эң чоң катмары — Россияда иштеп жүргөн кыргыз жарандары. Ар бирөөсүүй алайын, оокат кылайын, бизнес жасайын деп жок дегенде айына 500 доллар чогултат. Ошол 500 долларды 1 миллионго көбөйтсөңөр бул айына 500 млн, жылына 6 млрд доллар. Бул биздин өзүбүздүн акчабыз. Эми ошол акчаны мамлекет тартып келип, шарт түзүүбүз керек. Анын ыкмаларынын бири — фондулук рынокту өнүктүрүү. БулӨкмөт кыла турган иш. Ички инвесторду чаржайыт кылбай уюштуруп, ар кайсы долбоорлорду сунуштасак неге болбойт. Мисалы, “Камбар-Ата” ГЭСтерин куруу керек, ал жакка 3-4 млрд доллар керек. Ошол 3-4 млрд долларды ички инвестициядан чогултса болот. Бирок, мен азырынча Өкмөттөн инвестиция тартуу аракетин көрө элекмин. Президент инвестиция боюнча атайын мамлекеттик агенттик түздү. Негизинен жакшы ниет бар. Эми анын жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.

— Сиз ишкерчилик боюнча көп сунуштарды айтып жүрөсүз. Мен “Кыргызстанга инвестирлейм” деген стартап фестивалдарын өткөрүп жүрдүңүз. Азыр мамлекет тарабынан экономикабызга, ишкерлерге реалдуу натыйжа бере турган иш-аракеттер болуп жатабы?

— Президенттин алгачкы беш Жарлыгынын бири «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» болду. Демек, биринчи күндөн бери эле ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аларды ашыкча текшерүүлөрдөн куткаруу жана башка багыттарда аракеттер жок эмес. Анан мен айтаар элем, ишкерлерди ап-аптоо да керек болуп жатат. Азыр аларда коркуу сезимдери бар. Анткени, камоолор болуп жатат. Ишкерлердин духун көтөрүп, коркпой иш кылышын шартташыбыз керек. Салык кодексин карап чыгуу жана ага өзгөрүүлөрдү киргизүү зарыл. Бизде башынан эле байлар менен кедейлердин ортосунда чоң айырмачылык тенденциясы келатат. Ишкерлер реалдуу колдоо болгондо байышат. Бирок, байыганда алар көбүрөөк салык төлөөгө милдеттүү. Ошондо калк үчүн соцпакетти ишке ашыруубузга шарт түзүлөт. Таяктын эки учу бар дегендей бул ишти ченеп-өлчөп кылдаттык менен жасаш керек. Муну мындай кылып жиберебиз, тигини тигиндей кылып салабыз деген оңой чечим жок.

— Сиз прокуратура, муниципалдык кызматкерлерди калпты текшерүүдөн (детектор лжи) өткөрүш керек деген сунуштарды айтып жатасыз?

— Албетте. Адамды жүзүнөн карап ким коррупционер, ким коррупционер эмес деп биле албайсың. Ал үчүн дүйнөдө иштелген ыкма бар. Бул жумушка аларда детектордон өткөрүү. Андан өткөн адамдын калп айтканын же айтпаганын 92-98 пайыз тактык менен бүтүмүн чыгара алат. Бирок, мунун жыйынтыгы менен жумушка аласың же албайсың дегенди билдирбейт. Болгону жетекчилер үчүн таза кишилерди тандап алганга бир ыкма. Канчалык жакшы мыйзамдарды кабыл алба аны адамдар ишке ашырат. Эгер жегич болсо жакшы мыйзам деле аны аныктай албайт да. Башкы прокурор, Жогорку Соттун төрагасынын тазаланайын деген ниети түз экени көрүнүп турат. Бирок, ылдый жактагылардын баарын көзөмөлгө ала албайт. Бул Россияда, Европада практикалык ишке ашкан ыкма. Банктарда жооптуу позициядагы жетекчилерди милдеттүү түрдө детектордон өткөрөт.

— Президент жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө жарлыгын чыгарды. Ротациялоону ишке ашырды. Ушулар дагы кадрлардын тазалыгына, жоопкерчиликтүү иштөөсүнө жетүүнү көздөгөн аракет, шарттардын бири эмеспи?

— Ооба. Бирок, 30 жылдан берки кыйшыкты бир күндө түздөп кетүү кыйын. Азыр ошону түздөөнү башташыбыз керек. Муну аягына чейин ишке ашыруу үчүн 5 -10 жыл керек. Акты ак, караны кара деп айтуу учуру келди. Министрлер Кабинети экономиканы эмне кылабыз, каякка барабыз деген маселенин үстүндө иштеши кажет. 10 пайыз саясат, 90 пайыз экономика болушу керек. Бизде тескерисинче болуп жатат. Анан кадрларды ротациялоо бул да кадрлардын жоопкерчиликтүүлүгүнө, тазалыгына жетүүгө жасалган бир кадам. Бирок, мен “орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” деген принциптемин. Эгер ал кызматкер коррупционер болсо барган жеринде деле көнгөн адатын кылат. Начар кадрды канча алмаштыра берсең деле эч өзгөрүү болбойт. Биринчи таза адамдарды тандай билишибиз маанилүү.

— Учурдагы тышкы байланыштарыбызга кандай баа бересиз?

— Садыр Жапаров Президент болуп шайланганда жана аны Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия кабыл алганда биз мамлекет катары сакталып калдык, туруктуу бир нукка түштүк деп көңүлүм бир жайланды. Анан Президентти шайлап алгандан кийин эми бекерчиликтен чогула калып, ыгы келсе-келбесе да жамандай турган кишибизди шайлап алдык деп ичимден бир кубандым. Бизге жагыш кыйын да, туурабы? Президентибизди шайлап алдык, туруктуу жолго түштүк, Кыргыз Республикасын чет мамлекеттер тааныды, эми мындан кийин кайра чыр-чатак болсо дүйнө жүзүнө күлкү болобуз. Президентти дүйнө жүзүндөгү бүт лидерлер тааныды. Өзүбүздөэле дүйнө тааныбайт дегендер да болду. Эгерде тааныбаса анда биздин кыргыз мамлекетибизди да тааныбаганы болот да. Эми биз мыйзам эрежеси менен оңолуу жолуна түшүүбүз керек, анткени чаң-тополоң менен өзгөрүүлөр болбойт экенин көрдүк. Андыктан бизде бир гана жол бар, ал – мыйзамдуу өнүгүү жолу.

— Сиз мындан мурдагы мезгилде чыгашалуу компанияны кирешелүү компанияга айландырган менеджерлер рейтингине кирген элеңиз. Бул эмне ишкана эле?

— Ишкерчиликти өнүктүрүү фонду мамлекеттик кредиттик компаниясы. 2014-жылды алар 34 млн сом чыгаша менен жыйынтыктаптыр. Биз 1 жыл ичинде 34 млн чыгашадан 10 млн кирешеге чыгардык. Ошондо 36 мамлекеттик компаниялардан мен “Эң эффективдүү мамлекеттик башкаруучу” номинациясын 3 жыл катары менен алдым. Ал жакка тажрыйба алайын, мамлекетке салымымды кошоюн деп армияга баргандай эле 3 жыл иштеп бердим. Кандай кыйынчылык менен иштейт ичинен көрдүм. Бирок, Маммүлктө, Өкмөттө ким жакшы иштейт, ким жаман иштейт рейтинг жок, каралбайт дагы экен. Рейтинг — ким эффективдүү иштеп жатат, ким иштеген жок, кирешеге чыгардыбы же жокпу деп көрсөткүчтөр менен салыштырып карап, белгилүү критерийлер боюнча бааланат. Кооз сөз менен эмес, сандар менен далилдеш керек. Муну азыр Өкмөт өзүнө киргизип, министрлери кандай иштеп жатат, экономика өстүбү же жокпу рейтингин иштеп чыкса болот. Азыр деле ким кандай иштеп жатат, так критерий жок.

— Кредиттик компания дедиңиз. Сиз ишкерлерге үстөк пайызсыз насыя берүү жөнүндө айтып келесиз.

— Ооба, мындай сунушум бар. Ишкерлерге пайызсыз кредит берсин, эгерде ошол ишкер 5 кишини жумуш орду менен камсыз кылса. Мына, ишкер 1 млн сом пайызсыз кредит алат, бирок ошол акчага 5 адамды жумуш орду менен камсыз кылышы керек. 5 кишинин соцфонд, киреше салыгы минимум санаганда жылына 280 миң сом чыгат да. Ошондо мамлекет пайызсыз кредит берди, бирок салыктан утат, берген акчасын көбүрөөк кайтарып алат. Ишкер пайызсыз акча алат. Эң ута турганы биздин жарандар иш менен камсыз болот.

Ишкер ишкана ачышы мүмкүн, бирок расмий түрдө эч кимди жумушка албайт. Салыгын төлөбөй эле канча киши иштейт. А тигиндей болгондо мамлекетке 5 кишинин салыгын көрсөтөт да. Мен муну Германиядан көрүп келгем.

Кыргызстандын экономикасын өстүрүш үчүн илим-билимге көбүрөөк акча беришибиз керек. Азыр салыштырсак дүйнөдө эң көп акча тапкан бул акыл менен иштеген мамлекеттер болууда. Акыл менен иштеген кишилер бир заматта чыга калбайт. Демек, мектепте, университетте жакшы окутуш керек. Азыр эң жарды жашагандар мугалимдер. Университеттерибизде студенттер окуу акысын төлөп коюп, окубайт. Илим-билим алам деген жаштарга каражатты аябай каржылап, аларды өстүрүп келсек, 10-15 жылдан кийин мөмөсүн берет. Бирок, биз 10-15-жылга күтө албайбыз. Мына ушул проблема. Каражат табыш керек. Бир ыкмасы — бекер окута албасак пайызсыз кредит берели. Дүйнөдөгү кайсы бир күчтүү университетке окуйм деген болсо, 10-15 жылдык мөөнөткө кредит бериш керек. Мисалы, ипотекага кредит берип жатпайбы. Ошондой эле окуйм дегенге да кредит берүүгө неге болбосун.

— Сиз алдыңкы көз караштагы адам катары жаңы нерселерди айтып жүрөсүз. Стартаптар фестивалын өткөрдүңүз. Айтыңызчы, жөнөкөй айтканда стартап деген эмне?

— Стартап — бул инновациялык негиз. Эгерде бирдеме жасай турган болсок, жаңы инновациялык ыкма болуш керек. Мисалы, шырдакты кол менен жасап жатпайбызбы. Ошонун машинкасын ойлоп тапсак, 10 келиндин тебелегенин 1 машинка жасайт. Бул стартап. Анткени, инновациялык негизи бар. Стартап — акыл менен кылган бизнес. Жаңы ыкма менен чыгарган бизнес десек болот.

— 100 долбоордон турган стартаптар фестивалыңыз эмне жыйынтык берди?

— Негизи жаштарды колдоо Өкмөттүн деңгээлинде ишке ашырыла турган долбоор. Ошентсе да мен жана менин айланамдагы санаалаштар менен бул долбоорду баштаганбыз. Колубуз жеткен жерде жаштарга жардам бере алдык, жол көргөздүк. Менден ошол жаш балдар эмне болду, канчасы банкрот болду, канчасы киреше тапты деп сурашат. Менин инвестициям — ошол балдарга биринчи кадамын жасатып, жол көргөзүү. Башында мүмкүн болушунча күрөөсүз кредит бердик, кийинчерээк “Бакай” банк маркылуу 2 пайыз менен күрөөсүз кредиттерди берүүгө жардам көрсөттүк. Алар 10-15 жылдан кийин мөмө берет. Балдар бизнес жолунда өсүп, жетилет. Бир күндөэле чыгаан бизнесмен боло калбайт эмеспи.

— Ушул эле идеяларды азыр да колго алып, кайра көтөрөйүн деген оюңуз барбы?

— Депутат болгондон кийин укуктарың көбүрөөк болот. Мурда өз ой-пикириңди айтсаң сени эч ким укпайт, азыр трибунаң бар, элдин атынан сүйлөй аласың. Өкмөттөн талап кыла аласың. Эми Өкмөттө иштеген санаалаштар менен бирге Кыргызстандын өнүгүү концепциясын иштеп чыгып, сунуштайлы деп жатам. Анан депутаттык мандаттын жардамы менен ошону ишке ашырганга болгон күчүмдү жумшайын деген ниетим бар. Депутатта парламент трибунасын пайдаланып, ой-пикирин жеткирүүүчүн жетиштүү шарт бар деп ойлойм.

Бегим ТУРДАЛИЕВА