Анын айтымында, бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда болду.
“Чүй облусундагы өкүлүбүз туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Сиз бул боюнча ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга караганда бардык шарттар бар да, эң алдыңкы орунда турушу керек», — деди президент.
Буга байланыштуу президент Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды.