"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чүй: Тоодо чыккан өрттү өчүрүү иштери бүгүн да уланат

Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында 9-августта тутанган тоо өртүн өчүрүү иштери бүгүн, 11-августта да улантылат. ӨКМдин маалыматына ылайык, 10-август күнү кеч киргенине жана тоо боорунан таштар кулап, кооптуулук жаралганына байланыштуу саат 21:45те иштер токтотулган.

Өрттү өчүрүү иштери министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүп жатат. Ага ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Ч.Боскунчиев жетектеген ыкчам топ, жалпы 46 адам тартылган. Мамлекеттик аңчылык чарбасынан 4 кызматкер, айыл аймактан 2 кызматкер жеринде нөөмөттө калган.

Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түздү.