"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Чүйдө 50 гектар жерге Disneyland куруу пландалууда

Чүй облусунун аймагына заманбап көңүл ачуучу ири парк курулат. Бул тууралуу Туризмди колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарында 50 гектар жерге курулчу парк атактуу Disneyland’дин концепциясына жакын форматта иштелип чыгат. Долбоордун өнөктөшү катары дүйнөгө таанымал IdeAttack, Inc. компаниясы көрсөтүлгөн. Бул компания буга чейин Warner Bros. World (Абу-Даби) жана Changsha Aqua City (Кытай) сыяктуу ири парк долбоорлорун ишке ашырган.

Туристтик паркта төмөнкү өзгөчөлүктөр каралууда:

  • Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы;

  • «Манас» эпосуна негизделген аттракциондор;

  • Улуу Жибек Жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар;

  • Улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор;

  • Боз үй тигүү, кийиз өнөрү, ат чабуу жана салттуу тамак-аш жасоо боюнча мастер-класстар.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Токмок шаарынан жер тилкеси бөлүнгөнү белгилүү болду.