"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чүйдө болгон жол кырсыгында унаа үйдүн дубалына урунуп токтоду

Чүй облусунда эки унаа кагышып, алардын бири жол боюндагы турак үйдүн дубалына урунуп, оңкосунан түшүп калган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 27-августта болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.