"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

COVID-19: Вирус дагы 298 кишиден аныкталып,6 бейтап көз жумду

21-майга караган суткада Кыргызстанда коронавирус илдети дагы 298 кишиден . Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 170, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 69, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 4 кишиден вирус аныкталды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3 ,Чүй облусунда 3 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 101 миң 878 киши вируска чалдыгып, 1 миң 735 бейтап көз жумду.