"Эркин-Тоо"

COVID-19: 820 адамдан вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

18-январга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 820 адамдан аныкталды.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 109, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 153 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бугүнкү күндө стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 бейтап каза болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!