9-июнга караган суткада өлкө боюнча 459 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 183, Ош шаарында — 73, Чүй облусунда — 70, Ош облусунда — 70, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 34, Баткен облусунда — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1=, Чүй жана Ош облустарында экиден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 108 миң 173 киши вируска чалдыгып, 1 миң 864 бейтап көз жумду.