15-июнга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 514 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 234, Ош шаарында — 110, Чүй облусунда — 80, Ош облусунда —34, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 17 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 111 миң 343 киши вируска чалдыгып, 1 миң 905 бейтап көз жумду.