"Эркин-Тоо"

COVID-19: Дүйнөдө 5,5 миллиондон ашуун адам каза болду

Акыркы күндөрү дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны тездик менен көбөйүп, дагы 3 миллион 798 миң 751 адамдан илдет жаңыдан аныкталды.

Расмий маалыматка ылайык, коронавирус жуктургандардын саны ушуну менен 334 миллион 181 миң 129 адамга жетти. Илдет эң көп АКШда катталган (67 миллион 590 миң 30), кийинки орундарда Индия (37 миллион 901 миң 241), Бразилия (23 миллион 229 миң 851), Франция (14 миллион 284 миң 535), Улуу Британия (15 миллион 501 миң 850), Россия (10 миллион 682 миң 826), Түркия (10 миллион 593 миң 687), Аргентина (7 миллион 318 миң 305), Иран (6 миллион 227 миң 849), Колумбия (5 миллион 596 миң 917), Испания (8 миллион 518 миң 975), Италия (9 миллион 18 миң 425) жана Германия (8 миллион 222 миң 262).

Коронавирустан каза болгондордун саны 5 миллион 554 миң 983 адамга жетти. АКШда 853 миң 958 адам, Бразилияда — 621 миң 803, Индияда — 487 миң 202, Мексикада — 301 миң 469, Россияда — 316 миң168, Улуу Британияда— 153 миң17 жана Италияда — 141 миң 825 адам каза тапты.

Ал эми Кыргызстанда вирусту жугузуп алгандардын саны 192 миң 158,  Казакстанда — 1 миллион 169 миң 932, Өзбекстанда — 207 миң 57, Тажикстанда — 17 миң 493 адамга жетти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!