COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 151 кишиден вирус аныкталды
9-апрелге караган суткада Кыргызстанда 151 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 74, Ош шаары — 6, Чүй облусу — 47, Ысык-Көл облусу — 16, Нарын облусу — 7, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери 89 миң 811 киши вируска чалдыгын, 1 миң 516 бейтап көз жумду.