6-июнга караган суткада Россия Федерациясынын аймагында 737 адам коронавирустан каза тапты. Бул пандемия башталгандан бери Россиядагы суткалык эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.
Маалыматка караганда каза болгондордун арасынан Москва шаарында 114 адам, Санкт-Петербургда 99 адам катталган. Пандемия башталгандан бери Россия Федерациясында жалпы 139 316 адам көз жумду.