12-августка караган суткада өлкөдө дагы 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Эң көп учур Бишкек шаарында катталды.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 201, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 83, Ош облусунда — 13, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 27 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте-4, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.
Өлкө боюнча вирус дагы 5 медициналык кызматкерден аныкталган. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 6 миң 639 медицина кызматкерине коронавирус жуккан.
2020-жылдын март айынан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган болсо, анын ичинен 160 миң 794 киши айыгып чыккан. 2 миң 426 адам илдеттен каза тапты.