10-июнга караган суткада өлкөдө дагы 494 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эң көп учур Бишкек шаарында катталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 224, Ош шаарында — 80, Чүй облусунда — 73, Ош облусунда— 47, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 27, Баткен облусунда — 10 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 108 миң 667 киши вируска чалдыгып, 1 миң 869 бейтап көз жумду.