21-июлга караган суткада өлкөдө вирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 827, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 65, Ош облусунда — 24, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 80 адамдан илдет аныкталган.
COVID-19 илдетинен Бишкекте -5, Нарын облусунда -1, Чүй облусунда-3 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 509 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 856 адам дарыланууда.
Бир суткада 39 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. 2020-жылдын март айынан тартып Кыргызстанда 6 миң 238 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталса, алардын ичинен 5 миң 464 медкызматкер айыгып чыккан.
Пандемиянын башталышынан бери Кыргызстанда 152 миң 709 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 128 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 205 адам каза болгон.

