2-июлга караган сутка ичинде Кыргызстанда дагы 1 миң 485 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 923, Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 165, Ош облусунда — 109, Талас облусунда — 22, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 91, Баткен облусунда — 80 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Баткен облусунда 2, Чүй жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 127 миң 880 киши вируска чалдыгып, 2 миң 19 бейтап көз жумду.