7-июлга караган суткада Кыргызстанда вирус дагы 1 198 адамдан аныкталып, 781 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Аймактар боюнча канча адамга вирус жукту:
- Бишкек шаары – 717;
- Ош шаары – 60;
- Чүй облусу – 142;
- Ош облусу – 75;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 20;
- Ысык-Көл облусу – 39;
- Жалал-Абад облусу – 53;
- Баткен облусу – 88.
Пандемиянын башталышынан бери өлкөдө илдет 134 501 адамга жугуп, анын ичинен 114 756 бейтап айыккан.
Илдеттен айыккандар:
- Бишкек шаары – 358;
- Ош шаары – 73;
- Чүй облусу – 99;
- Ош облусу – 94;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 27;
- Ысык-Көл облусу – 29;
- Жалал-Абад облусу – 62;
- Баткен облусу – 31.
Акыркы бир суткада өлкөдө вирустан 9 адам каза болуп, ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 063кө жетти.
Каза тапкандар:
- Бишкек шаары – 4;
- Чүй облусу – 2;
- Баткен облусу – 2;
- Жалал-Абад облусу – 1.
Азыркы тапта 4 253 бейтап стационарларда жатат. Ал эми үйдө дарылангандардын саны 12 315 адамды түздү. Бир суткада 30 медиктен коронавирус аныкталган.