"Эркин-Тоо"
Медицина

COVID-19: Вирус дагы 383 кишиден аныкталып, 7 адам каза болду

4-июнга караган суткада вирус дагы 383 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 177, Ош шаарында — 38, Чүй облусунда — 78, Ош облусунда — 20, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 6 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 106 миң 223 киши вируска чалдыгып, 1 миң 837 бейтап көз жумду.