Кыргызстанда 14-июнга караган суткада дагы 459 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эң көп учур Бишкек жана Ош шаарларында катталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 178, Ош шаарында — 122, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 46, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 64, Баткен облусунда — 21 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 110 миң 829 киши вируска чалдыгып, 1 миң 899 бейтап көз жумду.