14-январга караган суткада коронавирус Кыргызстанда дагы 586 адамдан аныкталды.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 435, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 37 жана Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 111 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 660 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 490 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 206 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 740 киши айыгып чыкса, 2 миң 827 адам каза болду.