"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 607 адамдан аныкталды

15-январга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 607 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 404, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 97, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 24 жана Баткен облусунда 20 адамдан илдет табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Ал эми 2 миң 828 адам каза болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!