21-январга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 788 адамдан аныкталды.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 523, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 137, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 28, Баткен облусунда — 30 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 75 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 816 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 976 киши айыгып чыкса, 2 миң 843 адам каза болду.