"Эркин-Тоо"

COVID-19: Вирус дагы 822 кишиден аныкталып, 5 адам каза болду

24-июнга караган суткада Кыргызстанда 822 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда:

Бишкек шаарында — 300, Ош шаарында — 70, Чүй облусунда — 207, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 42 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен 5 киши каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 118 миң 106 киши вируска чалдыгып, 1 миң 958 бейтап көз жумду

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!