22-июнга караган суткада Кыргызстанда дагы 931 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 435, Ош шаарында — 147, Чүй облусунда — 129, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 50, Баткен облусунда — 41 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 116 миң 546 киши вируска чалдыгып, 1 миң 945 бейтап көз жумду

