Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 30-мартка караган суткада 5 493 ПЧР изилдөө жүргүзүлүп, вируска анализ тапшыргандардын саны бир аптада эки эсеге өскөн.
Ооруканага кайрылып, жаткырылгандардын саны да өсүүдө.
Акыркы суткада 113 кишиден вирус жаңыдан аныкталды. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан — 61, Чүй облусунан — 44, Ысык-Көл облусунан — 5, Нарын облусунан — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.