"Эркин-Тоо"

COVID-19дан кийин жыт менен даам сезимин кантип калыбына келтиребиз? Адистин кеңеши

Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын дээрлик баардыгында жыт менен даам сезими жоголуп кетет. Илдеттен сакайгандан кийин бул сезимди кайрадан калыбына келтирүү жолдору тууралуу россиялык невролог, нейрофизиолог Александр Будик айтты. COVID-19 менен ооргундардын эмне себептен жыт, даам сезими жоголуп кетери азырынча аягына чейин изилденип бүтө элек. Айрым адисттердин айтымында, илдетке кабылган бейтаптын шилекейинин курамы өзгөрөт. Ошол себептен жыт жана даам сезүүчү рецепторлор толук иштебей калат. Башка теориялар боюнча, вирус рецепторлорду жабыркатып коет, дейт Александр Будик.

«Коронавируска кабылган бейтаптарда жыт менен даам сезимин башкарган рецепторлор жана бул сезимдерди кабылдаган былжырчалардын, ошондой эле айрым нервдердин жабыркашы тууралуу божомолдор бар», — дейт дарыгер.

Практикада кездешкендей, илдетке кабылган бейтаптарда алгачкы жумалардын аралыгында жыт, даам сезими жоголот, оорудан айыгары менен кайрадан калыбына келиши керек. Бирок, илдеттен сакайгандардын арасында бул сезимдери калыбына келбеген учурлар дагы көп эле болду, дейт Будик.

Будик бул сезимдерди калыбына келтирүү үчүн атайы тренингдерди өткөрүү керектигин айтат. Күнүгө 20 секунддан бир нече ирет түрдүү азыктарды жана заттарды жыттоо керек. Мисалы, гвоздика, сарымсак, кардамон, корицаны даамдап жана жыттоо зарыл.

«Организм азыктарды, заттарды жыттоо жана даамдоо учурунда процесске активдүү катышкан органга көбүрөөк көңүл буруп, жыйынтыгында ал органды калыбына келтирүү үчүн керектүү ресурстарды органдын иштешине жумшайт. Кошумча терапия катары мурунга А витаминдин эритмесин колдонсо болот. Мындан тышкары бир жума бою омега-3тү ичүү зарыл «, — дейт Будик.

Белгилүү болгондой, жыт менен даам сезими байланышта иштейт. Эгерде бири калыбына келсе, экинчи сезимдин жакшырышына шарт түзүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!