"Эркин-Тоо"

 Cузакта “Йакын инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Cузак районунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абаддагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын төрт активдүү мүчөлөрү: 1972-жылы туулган “Т.Т.Ж.”, 1983-жылы туулган “А.М.М., 1983-жылы туулган “У.Э.Э.”, 1986-жылы туулган “С.Ш.А.”, 1988-ж.т. “С.О.М.” жана 1991-жылы туулган “С.Б.С.” кармалды.

Бул ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталган. Ошондой эле, диний көз караштардан улам, алар светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

Бул адамдардын жашаган даректеринде тинтүүнүн натыйжасында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар табылган.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы