"Эркин-Тоо"

«Центерра голд» Т.Бөлтүрүктү Канадада сотко берди

Кыргызстанда Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд” компаниясы, “Кумтөр голд” компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындаган Тенгиз Бөлтүрүктү Канаданын Онтарио шаарындагы Жогорку сотко берди.

“Центерра голд” Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары, компания алдында алган жоопкерчилигин бузду деп айыптап, алтын кенин башкарууга, компания алдындагы конфиденциалдуулукка байланыштуу милдеттенмелерди бузуу аракеттерине мындан ары катышуусуна бөгөт койгусу келет.

Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылдын декабрь айында “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп Кыргызстандын атынан дайындалган. Ал 17-майдагы Жогорку Кеңештин чукул жыйынында директорлор кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арыз жазганын билдирген.

Эске салсак, 8-майда “Центерра Голд», ишканага коюлган айыптоолор негизсиз экенин билдирген. Ал эми парламентте кабыл алынган «убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндөгү» мыйзам, 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин жана “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган болчу.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!