18-май күнү таң эртеден баштап, түшкө чейин чейин Торонтодо Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларынын баасы 8,7%га өскөн. Акциялардын баасынын өсүүсүнө аталган компаниянын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перринин билдирүүсү себеп болгон. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар байма-бай жазышты.
Скотт Перинин билдирүүсүндө:
«Кыргызстан «Кумтөр» кениндеги көзөмөлдү өз колуна алды. Centerra компаниясынын жетекчилиги акционерлердин укугун коргоо үчүн колунан келген бардык чараларды көрөт. Компания, Канада жана Улуу Британия мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн күчтүү колдоосуна ээ»,-деп жазылган.