Үстүбүздөгү жылдын 13–21-сентябрь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт. Алар:
-
55 кг чейин – Улан Муратбек уулу
-
60 кг чейин – Акыл Сулайманов
-
63 кг чейин – Жоламан Шаршенбеков
-
67 кг чейин – Раззак Бейшекеев
-
72 кг чейин – Амантур Исмаилов
-
77 кг чейин – Ырыскелди Максатбек уулу
-
82 кг чейин – Бекзат Орункул уулу
-
87 кг чейин – Асан Жанышов
-
97 кг чейин – Тур Жузулбеков
-
130 кг чейин – Нурманбет Раймалы уулу
Эске салсак, эки жолку дүйнө чемпиону Акжол Махмудов бул турнирге даяр болбогондугуна байланыштуу катышпай тургандыгын айткан.

