Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 63 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде 10:1 эсебинде беларус балбанын, 1/4 финалдык беттешинде 8:5 эсебинде АКШнын балбанын жеңди.
Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңип, ал эми алтын медаль үчүн беттеште Ирандан келген балбанга жеңилген.