Израил Газаны бомбалоону улантууда
Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарындагы Израилдин чабуулунан бир учурда 13 кишинин өмүрү кыйылганы, мерт кеткендердин тогузу балдар экени кабарланды. Газанын 2,3 миллион калкынын жарымынан көбү Израилдин соккуларынан качып барып, Рафах шаарында баш калкалашууда. Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 34 миңден ашканын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.
Казакстан селдин запкысын тартууда
Казакстан менен Орусиянын чектеш тилкесиндеги сел каптаган аймактарында абал оор бойдон калууда. Батыш Казакстан облусунда Урал дарыясындагы суунун деңгээли улам жогорулап, 9 метрге чукулдады. Март айынын этегинен бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 118 миңдей киши эвакуацияланып, 7 миңге жакын үйдү суу каптады.
Хижабсыз жүргөндөр көзөмөлдөнөт
Иранда аялдар үчүн киргизилген дресс-коддун сакталышын көзөмөлдөө боюнча жаңы кызмат түзүлдү. Алар аялдардын хижаб кийип жүрүүсүн көзөмөлдөмөкчү. 2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн 22 жаштагы студент кызды кармаган. Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталып, жүздөгөн киши кармалып, 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.
Иран менен Израил тирешүүдө
Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаал курчууда. 1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарындагы Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуул жасалып, эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптап, 14-апрелге караган түнү Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Кечээ Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өлкөнүн куралдуу күчтөрү Израилге каршы жасалган чабуулу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
АКШ өнөктөштөрүнө 95 млрд доллар бөлөт
АКШнын Өкүлдөр палатасы көп айларга созулган талкуудан кийин шериктеш өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого 95 млрд долларлык жардам көргөзүү тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды. Жардам Израиль, Тайвань жана Украинага жөнөтүлмөкчү. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова телеграм-каналына «АКШнын Украина, Тайвань, Израилге аскердик жардам көргөзүү чечими дүйнөлүк кризисти тереңдетет» деп жазды.
Дэвид Кэмерон Тажикстанга барды
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Тажикстандын тышкы иштер министри жана президенти менен жолукту. Эмомали жолугушууда Рахмон Британияны “Батыш Европадагы эң маанилүү өнөктөш” деп атаганын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылды. Эки тарап бир катар багыттар боюнча алакаларды кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулашкан. Кэмерон ушул аптада чөлкөмдөгү өлкөлөрдү кыдырары күтүлүүдө.
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ