"Эркин-Тоо"

Дүйнөлүк чемпионатка чыгууга шарт жаралды

Кыргызстандын футбол курамасы Кытайдын Тайбэйин 5-1 эсебинде жеңгенден кийин чоң үмүт жаралып, эми ушул дем менен кетсе кыргыз футболчулары дүйнө чемпионатына чыгарына ишеним пайда болду. Мамлекет колдоп, коомчулук сүрөп турса, мындан кийинки ири жеңиштер дагы колго тийип калышы ажеп эмес. Ал үчүн маңдай тер төккөн түйшүктүү жолдорду басып өтүү керек.

2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында, Азия аймагындагы Улуттук курамалардын 2-этаптагы кыл чайнашкан беттештери өтүүдө. Анда 9 тайпа түзүлүп, 36 команда кийинки баскычка өтүү үчүн күч сынашууда. Биздин улуттук курама D тайпасында намыс талашып жатат. Үч күн мурунку Кытай Тайбэйи менен болгон оюндун жыйынтыгы менен кыргыз курамасы өз тайпасындагы позициясын бекемдеп алды. Тактап айтканда, Кытайдын Тайбэйин эки жолку беттеште жеңип, 6 упайга ээ болду. Жалпы 9 упай алып, тайпада биринчи орунга жайгашты.

Эми биздин курама 6-июнунда өз үйүндө Малазиянын курамасын кабыл алат. Ал эми 11-июнда конокто Омандын оюнчулары менен беттешет. Бул эки оюнда жеңишке жетсе, жок дегенде тең чыгуу болсо, Кыргызстан 3-этапка өтүп кетет. Албетте, ал этап оор. Кыйындар таймашат. Эгер анда мыктылыгын көрсөтсө, Дүйнө чемпионатына жол ачылат.

Дүйнө чемпионаты боюнча айта кетсек, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка алгачкы жолу 48 команда катыша турганын жарыялаган. Мундиалдын жаңы эрежесине ылайык, дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык оюндары 12 тайпадан туруп, ар бир тайпадан төрттөн команда жайгашат. 12 тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган командалар жана үчүнчү орунду алган жана жыйынтыгы жакшы 8 курама кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Мурда бул чемпионатка 32 гана курама катышуу укугун алып келген. Анда жалпы 64 оюн өткөрүлчү. 2026-жылдагы чемпионатта жалпы 104 оюн болот. Турнир үч өлкөдө, АКШ, Канада, Мексикада өтүп, 56 күнгө созулат.

ФИФА буга чейин Азияга 4+1 квота берип келген болсо, мунусунда санын эки эсеге көбөйтүп, 8+1 квотага жеткирди. Бул кыргыз курамасынын Дүйнөлүк чемпионатка чыгуусуна чоң мүмкүнчүлүк жаратууда. Азыр Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин 36 курамасы 9 тайпага бөлүнүп, дүйнөлүк чемпионатка чыгуу үчүн ат салышууда. Өз тайпасында 1-2-орунду алган 18 команда 3-этапка чыгат. Алар кайра 6дан 3 тайпага бөлүнүп ойноп, 1-2-орунду алган 6 курама Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышат. Ашып калган эки квота 3-4-орунду алган күчтүү курамаларга ыйгарылат.

Бир караганда оңойдой көрүнгөнү менен мээнет кылчу өтө татаал жолдор турат. Ага талыкпаган эмгек керек. Маселен, Дүйнөлүк чемпионатына тандоо оюндарынын жалпы 5 этабы бар. Азыр «Ак шумкарлар» тандап алуу турунун 2-этабында ойноп жатышат. Биздин курама күчтүүрөөк деп эсептелгендиктен 1-этапка катышпай, 2-этаптан кошулган. Жогоруда белгилеп кеткендей, 9 тайпадан 1-2-орунду алган 18 команда гана кийинки 3-этапка өтөт. Алар 2027-жылы Сауд Аравияда өтүүчү Азия Кубогуна катышууга жолдомо алат жана Дүйнөлүк мундиалдын тандап алуу туруна катышат.

Кыскасы, кечээки жеңиштен кийин Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогуна жана Дүйнөлүк чемпионатка чыгуусуна эң сонун мүмкүнчүлүк жаралып калды. Муну пайдаланып калуусу керек. «Ак шумкарлар» азыр эч нерсеге алагды болбостон курамын чыңдап, тынымсыз машыгууларды өткөрүп, алдыдагы оюндарда 1-2-орунду камсыздашы шарт. Мамлекет тарабынан дагы өтө жакшы көңүл бурулуп жатат, муну дагы футболчулар пайдаланып калышы зарыл. Биз чоң ийгиликтерди каалап, “акшумкарлардан” жалаң жеңиштерди күтөбүз.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№24 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 29-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!