Уюштуруу комитетинин өкүлдөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда уюштуруларына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле Илим министрлигинен Бекбосун Борубашов, Спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Асхат Акибаев катышты.
Эдил Байсаловдун айтымында, 2026-жылы өлкөдө Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, “Ысык-Көл” форумунун 40 жылдыгы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, Көмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземи Бишкектеги жаңы курулган стадиондо өтөт. Ал эми спорттук жана этномаданий иш-чаралар Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда уюштурулат.
Маданият министрлиги маданий программа менен катар ачылыш-жабылыш аземдерин толук координациялайт жана ыктыярчылар кыймылын уюштурууда да иш алып барат. Ошондой эле “Көчмөндөр ааламы” фестивалы, этношаарчаны куруу жана ишин аймактар менен биргеликте уюштурат.

