"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Бишкекте жана Ысык-Көлдө өткөрүү пландалууда

Президенттин Администрациясында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты. Анда оюндардын датасын тактоо, жайгашуучу жайларды тандоо жана маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Негизги иш-чараларды Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өткөрүү пландалууда.

Отурумда инновациялык чечимдерди, заманбап технологияларды киргизүү жана уюштуруу деңгээлин жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурулду. Мындан сырткары, инфраструктуралык даярдык, транспорт жана коопсуздук маселелери, эл аралык кызматташтык жана волонтёрлорду тартуу темалары каралды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга иш-чараларды тактоо, бюджетти түзүү жана оюндарды эл аралык деңгээлде илгерилетүү боюнча тапшырмалар берилди.