Жакында кинорежиссёр, журналист Бегалы Наргозунун «Жылкычы чымчык» тасмасы кайрадан көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн талкуусуна коюлду.
Тасма чү дегенде эле кыргыз жеринин керемет табийгаты, чокусун ак кар, көк муз баскан Мөңгү Ата тоосунун көз тайгылткан сулуулугун, андагы топоз баккан кишинин турмушун көрсөтүү менен башталат. Адатта көркөм тасмалар каармандардын диалогу, сүйлөшүүсү менен башталат эмеспи. Ал эми “Жылкычы чымчык” тасмасы киноповесть сыяктуу музыканын коштоосунда баяндоо менен башталат. Тасмада Сырт деп аталган жердеги чакан айыл, андагы адамдардын жашоосу чагылдырылган. Окуя ушул айылдык Алтын деген жаш кыздын айланасында өтөт. Алтын мектепти бүткөндөн кийин шаарга окууга келет. Бирок, баёо, жаш кыз бат эле шаардын эки жүздүү, таш боор, кайрымсыз, алдамчы жашоосуна туш болот. Мөңгү Ата тоолорунун карындай таптаза, пакиза кыз шаардын ыплас, булганыч жүзүн өз көзү менен көрүп, аны жон териси менен сезет. Алтын аялы бар сүрөтчүнүн бал тилине алданып, андан боюна бүтүп калат. Жаш кыздын бейпил, тынч турмушун будуң-чаң чыгарган дал ушул ойго келбес жоруктан тартып тасмадагы окуялар да чиеленип, жаш кыздын тагдыры улуттук алкактан чыгып дүйнөлүк көйгөйгө айланат. Бул окуя кыргыздардын турмушунда да адаттан сырт, адеп-ахлак эрежелерине туура келбеген, салтта жок осол окуя. Каалабаган, күтпөгөн боюна бүтүү. Кыз бар күчүн көз жашынан чыгарат. Шаарга андан мурда келип, шаар турмушунан кагылып-согулуп, бышып калган эжеси сиңдиси Алтындын бул тагдырына арачы түшүп, адегенде анын боюнан алдырып салмак болот. Бирок, Алтын ага көнбөй коёт. Акыры айласы кеткен эжеси “төрөсөң төрө, бирок балаңы сатып жиберебиз” деп Алтынды ынандырууга аракет кылат. Эжеси бала сатып ала турган адамдарды издеп табат. Наристе 10 миң долларга бааланат.
Ушул жерден бир аз лирикалык чегинүү жасап режиссёр Бегалы Наргозунун өзү тууралуу айта кетейин. Бегалы менен азыркы Жусуп Баласагын атындагы университетте чогуу окудук. Ал университетти бүтүргөндөн кийин башка курсташтарындай гезит-журналдарга барбастан, эмгек жолун “Кыргызфильм” киностудиясында режиссёрдун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган. Аны бала кезде көздөгөн максаты, аруу кыялы ушул куттуу жерге алып келген экен. Бегалы Наргозунун жан адамга айтпаган, балалык чактан бери купуя сыр катары көкүрөгүндө сактаган кино тартсам деген кыялы бар эле. Режиссёр болом деп киностудияда он жыл иштейт. Ал кино тартуунун сырларын сырттан эмес, ичтен билүү үчүн ушул кадамга барган болчу. Улуу муундагы Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров сыяктуу мыкты кинорежиссёрлор менен чогуу иштеп, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, акыл-насаатын угат. Бегалы бир жолу аздектеп жазып, эч кимге көрсөтпөй жүргөн аңгемесин атактуу жазуучу Кубатбек Жусубалиевге берип, окуп чыгуусун өтүнөт. Тилекке жараша ал аңгеме Кубатбек Жусубалиевге жагып калып, аны тасма кылып тартуу тууралуу сунушун айтат. Бирок, ошондон көп өтпөй токсонунчу жылдардагы “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” деген базар заман башталып кетет. СССР урап, баштагы мамлекеттик завод-фабрикалар, ишканалардын баары четинен жабылып, таланып-тонолот. Анын зардабы “Кыргызфильм” студиясына да тийди. Киночулар кино тартмак турсун, астындагы аш салган табагын таппай калышты. Ушундай кыйын-кысталыш учурда Бегалы Наргозунун кино тартам деген тилеги такыр эле ишке ашпай турган кыялдай көрүндү. Анан ал миңдеген кыргызстандыктарга окшоп бизнес кылууга аргасыз болду. Турмуш-шарт өзү ошого түрттү. Бегалы Наргозу бат эле базар замандын алчы таасын тааныткан ишкер болуп чыга келди. Бутуна тургандан кийин ал саясатка аралашууну чечти да, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Бирок, Бегалы Наргозуга басса-турса бир кыялы тынчтык бербеди. Ал балалыктагы көксөөсү – кино тартуу болчу. Акыры ал саясатын да, бизнесин да жыйыштырып, киного кайтып келди. Бизнестен тапкан тыйынына баягы, баягы жылдары жазуучу Кубатбек Жусубалиев айткан аңгемеси боюнча тасма тартууга киришти. Ошентип, алгачкы “Жылкычы чымчык” тасмасы жаралды. Бегалы Наргозу бул жылдардын аралыгында турмуштун ачуу-таттуусун, өйдө-ылдыйын көрүп, ак-караны, жакшы-жаманды таасын ажыратып караганга жарап калды. Ошол турмушта көрүп, көкүрөгүнө багып жүргөн ойлорунун баарын “Жылкычы чымчык” тасмасы аркылуу чагылдырганга аракет кылды.
“Мектепти бүтүп эле шаарга келген бир кыздын тагдыры аркылуу бүгүнкү коомдогу курч көйгөйлөрдү чагылдырганга аракет жасадык. Бир эле тасманын ичинде бир катар олуттуу маселени алып чыктык. Анда адамдардын сүйүүгө болгон мамилеси, айрыкча турмуштан жаңылган кыз-келиндердин окуясы, ага карата айлана-тегерегиндеги кишилердин, жакын туугандарынын мамилеси, вебкам индустриясы, бала сатуу, экологиянын бузулушу жана исламдагы түрдүү агымдар бар. Эми, албетте, кино дүйнөсүндө чоң жаңылык жаратып салдым деп айта албайм. Бирок, мен өзүмдү биздин улуу муундагы кинорежиссёрлордун жолун улантуучу катары эсептейм. Колумдан келишинче кино искусствосуна жакшы бир чыгарма жаратайын деген тилегим бар. Мына ушул себептен коммерциялык кинолорго көңүлүм тартпайт, көрбөйм дагы. Эми «Жылкычы чымчыкка» да биздин коомдон түрдүү сын-пикирлер да айтылышы мүмкүн. Мен ага көңүл бурбайм. Бул жагы адамдардын кабыл алуусуна жараша болмокчу” — дейт Бегалы Наргозу.
Тасмадагы башкы каармандын, Алтындын апасынын ролун белгилүү актриса Албина Имашова аткарган. Тасмадагы аты – Гүлнар. Актриса өз оюн мындайча бөлүштү:
“Акыркы жылдары Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө аялдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктун саны өсүп бара жатат. Аялдар зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болууда. Анын эң эле көп учураганы – үй-бүлөдө күйөөсү тарабынан жасалган зомбулук. Башта эркектер аялды сөгүп-кагып урушуп келсе, азыр адам оюна келбеген мыкаачылык менен уруп, сабап, өлтүрүп салууда. Анан калса үй-бүлөдөгү түйшүктүн баарын аялдардын алсыз мүрүсүнө жүктөп коюп, мырзалар жоопкерчиликтен качып, жеңил оокатка тап коюп калышты. Мунун баары ойлонто турган оор маселе. Ал өнөкөткө айланып, кийинки жаш муундарга өтүп кете электе, ушундайында токтотуп калуу керек”.
Тасмадагы башкы каармандын – Алтындын ролун жаш актриса Мадалена Абдырахманова аткарган. Бул анын кинодогу биринчи ролу экендигине карабастан Мадалена аны ийине жеткире аткарган. Тасма тартылып жаткан кезде Мадалена 11-класста окуган кыз болчу. Мадаленанын ата-энеси да өнөр адамдары. Атасы Арнис Кыдырмышев кино менен театрдын актёру. Ал эми апасы кинодо кошо тартылган актриса Албина Имашова.
Тасманын “Жылкычы чымчык” деп аталышынын өзү да символикалуу. Кинонун башкы каарманы жаш кыз Алтын таза, баёо бойдон шаарга келип, бирок шаардын алдамчы, эки жүздүү, ыплас турмушун өз көзү менен көрүп, үй-бүлөсү бар сүрөтчүдөн боюна бүтүп калып, эмне кыларын билбей жүргөндө шаардын көчөсүнөн кокустан эле жылкычы чымчыкты, болгондо да өзү туулуп өскөн алыскы ак карлуу, таза, пакиза тоолордогу жылкычы чымчыкты көрүп калат. Режиссёр Бегалы Наргозу жылкычы чымчыкты үмүттүн, жакшылыктын символу катары эң чебер колдоно алган десек болот. Фильмдин соңунда Алтын бардык каршылыктарга карабастан төрөгөн баласын колуна алып Мөңгү Атага, ошол жылкычы чымчык мекендеген айылына карай жол алат. Адамды күтүүсүз келген оор тагдыр сыноого алса да, баары бир жашоо нугу, адамзаттын өмүр көчү улана берет деген ишеним фильмдин башкы лейтмотиви болгон.
“Жылкычы чымчык” тасмасы өткөн жылы чет өлкөлөрдөгү кино сынактарга катышып, 30дан ашуун сыйлыкка татыктуу болду. Мындай окуя кыргыз киносунун тарыхында мурда, кийин болгон эмес. Тасма Америка, Италия, Франция, Греция, Испания ж.б. өлкөлөрдө бир катар баш байгелерди жеңип алды. Анда “Жылкычы чымчыктын” дүйнөнү кезген сапары байсалдуу болсун!
Өмүрбек Тиллебаев