“Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат.
Эне сага теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат” — деп Аалы акын жазгандай, ааламга жарык мээримин чачып, жашообузга жаз алып келген энелерибиз эмеспи. Жаздын көркүнө көрк кошкон 8-март майрамы да келип калды. Коломтобуздун отун жалындаткан, турмуш туткасы болгон энелер ар дайым бар болушсун!
Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов:
“Эненин ак сүтүн акташ кыйын экен”
— Апам Налия жөнөкөй жумушчунун кызы болгон. Билими жок болгону менен балдарды төрөп-өстүрүп, эрезеге жеткирди. Атам Улуу Ата Мекендик согушта каза болуп калган. “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей энем бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрдү. Жалгыз болсо да балдары үчүн күнү-түнү мээнет кылды. Мен 5-класста окуп жүргөн учурумда атамдын жакын туугандарынын бири: “Балаңды мага бер, кой баксын. Акысына жылына бир койдон берип турам” деп сураганы эсимде. Апам ага койчу кылып берүүдөн баш тартып, мени окутту. Ошол окуя менин тагдырыма чоң таасирин берип, жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Тилекке каршы, апам 72 жашында каза болуп калды. Эне деген баарынан ыйык экен… Ак сүтүн акташ кыйын экен… Канча аракет кылсаң да эненин бир көз ирмемчелик толгоосун да актай албайт турбайбызбы.
Жогорку Кеңештин депутаты Миргул Темирбаева:
“Кыйынчылык кезде апам тирөөчүм болду”
— Апам Мамадаминова Салима жогорку окуу жайын аяктап, айылга мугалим болуп барып пенсияга чыкканча эмгектенди. Райондогу көрүнүктүү математика мугалими эле. Билим берүү тармагындагы, келечек муунду тарбиялоодогу эмгеги бааланып, “Эл агартуунун отличниги” наамын алган. Окуучулары кезинде мамлекеттик экзамендерден жогорку баа алып, олимпиадалардан биринчиликке жетишкендиктерине апамдын салымы чоң экендигин азыркыга чейин айтышып, сыймыктанып жүрүшөт. Атам 37 жашында эле эрте өтүп кеткен. Апама беш баланын түйшүгү калды. Бардыгыбыз мектеп жашындагы кенедей балдар элек. Сыртта эркектин, үйдө аялдын ишин кылды. Эч кимден кем кылбай, керек болсо аталуулардан артык багып чоңойтту.
Кыз баланын тагдыры ар кандай болуп калат эмеспи. Жолдошум менен эки жолго түшүп, эки балам менен калганымда тирөөчүм апам болду. Балдарыма каралашып жардам берди. Апамдын мына ушундай колдоосу менен алдыга жылып, ийгиликке жетиштим. Азыр небере-чөбөрө жыттап, бактылуу карылыкты башынан өткөрүп жатат. Биздин багыбызга аман болсун. Жадыраган жаз айы жана 8-март майрамы менен апамды жана бардык энелерди, эже-сиңдилерди куттуктайм!КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев:
“Апам абдан мээримдүү жан эле”
— Асанбүбү энем совет мезгилинде колхоздо иштеген. Балдарын какыс-кокус кылмак түгүл катуу айтпаган абдан мээримдүү жан эле. Эне балага канчалык мээрим төксө, бала да ошончолук боорукер, таалим-тарбиялуу болот экен.
Биз 1-2-класста окуп жүргөн кезде азыркыдай жетишип кеткен заман болбосо да, элдин курсагы тоюп калган бейпил убак эле. Майрамдарда атайын баракка гүлдүн сүрөтүн тартып, кечинде апабыз иштен келгенде бир туугандар тизилип алып, жазган куттуктоолорубузду окуп, кучактап туруп тапшырчубуз. Балдарынын куттуктоолоруна абдан ыраазы болуп, “силер аман-эсен чоңойсоңор болду” деп жашып кетчи. Алтымыш жашка жетип жетпестен, биздин жакшылыктарыбызды көрбөй эрте кеткенине арман кылам…
Кыргыз Республикасынын эл артисти Кадыралы Артыков:
“Кайраттуу апам көп жашасын”
— Жашоонун куту, туткасы – бул ажарлуу аялзаты эмеспи. Эне деген эч нерсеге алмашкыс ыйык болот экен. Кудайга шүгүр, апам азыр 88 жаштын чайын ичип, төрүбүздө олтурат. Карылыктын оору-сыркоосу эле болбосо, күүлүү-күчтүү. Айылда жашайт. Атам 43 жашында өтүп кетип, апам турмуштун оорчулугун башынан өткөрдү. Чиедей тогуз бала менен жесир калган. Жалгыз балдары менен калса да белин бекем бууп, баарыбызга таалим-тарбия берип окутту. Үйлүү-жайлуу кылды. Апамдын кайраттуулугуна, күчтүүлүгүнө таазим кылам. Тилегеним оору-сыркоодон алыс болуп, маңдайыбызда аман болсун. Майрамыңыз менен апаке!
Жаз айындай сулуу жалпы аялзатын да куттуктайм.
Жылдыз Дыйканова