«Кыш аяктап, мына-мына жаз келет деп турган мезгил эле. Кар тынбай жаап, траншеянын ичи тизеге чейин суу. Эртең чабуул деген күнү суук ого бетер күчөдү. Анан эртең менен “алга” деген команда болгондо тоңгон өтүктөрүбүз буттан суурулуп, биз дээрлик жыңайлак бойдон чуркап жөнөдүк. Өтүгүм калды, же күн суук, курсагым ачка деп чуркабай койгон ал кезде эч кимдин оюна келчү эмес. Согуш учурунда эч ким өзү жөнүндө ойлочу эмес, биз ошентип тарбияланганбыз. Совет өлкөсүндө өз кызыкчылыгын ойлоп, өз көмөчүнө күл тартуу деген нерсе жок эле. Биринчи кезекте өлкөнү, элди ойлочубуз. Ошондо да биз тизеден келген муздак сууну кечип турганда бир күн жеңишке жетишебиз, андан кийин тынчтык күндөр келет деп кыялданганбыз. Эми ойлосом, биз ал каардуу согушта советтик жоокерлердин эркинин күчтүүлүгүнөн, эртеңки күнгө болгон ишениминин бекемдигинен эле жеңип чыгыптырбыз” – деп айтчу ардагер-пелеметчу, улук лейтенант. Базарбай Өмүров.
Ошол күнкү апаатта Базарбай Өмүров жарадар болот. Бирок, туугандарынын айтымында, ал адегенде эчтеке сезбей башкалар менен кошо чуркап кете бериптир. Бир маалда көзү караңгылап, жыгылып калат. Аңгыча “тырс” эткен үн чыгат. Көрсө, ал эстен танып жаткан учурда душмандын огунан жашынып, ар кайсыл жерге жатып калган жоокерлерди кайра чабуулга тургузушкан экен. Бир жаш жоокер Базарбайды душман экен деп ойлоп, мылтыгын мээлегенде бактыга жараша мылтыгы атылбай калат. ”Ой, иничек, мен өз кишимин” ,- дейт Базарбай колун көтөрүп.
Базарбай Өмүров кан майданга 1941-жылдын 28-июнунда өз эрки менен кеткен. Эки жолу жарадар болуп, экөөндө тең айыккан соң кайра эле согушка кирген. Анын айтымында, ал кезде баары эле фронтко барам деп ээлигип, жулунуп турушчу. Мекенди коргоого аттанган 360 миң кыргызстандыктын ар бир төртүнчүсү кайра келген эмес.
Ооба, Базарбай Өмүров жашаган доор ошондой кайраттануунун мезгили эле. Ошол кайраттын күчү менен өмүрүбүздү, жаштыгыбызды улуу жеңиш үчүн курмандыкка чалып, фашизмге каршы турдук. Ошол кайраттын күчү менен улуу өлкөнү кура алдык, ачкалыкты, жокчулукту, кыйроону жеңдик.
Базарбай Өмүровдун үй-бүлөсүн колхоздоштуруу учурунда Украинага айдап ийишкен. Ошол кезде оокаттуу дыйкандарды кулака тартып, алардын күчү менен Украинанын талааларында пахта өстүрүү боюнча программа бар эле. Дагы бир себеп: Базарбай Өмүровдун үй-бүлөсү оокаттуу гана эмес, түгөл билимдүү да кишилер болушкан. Жүздөгөн үй-бүлөлөр түшкөн эшелондор Батышты көздөй кетип атканда он алты жаштагы Базарбай төрт жаштагы иниси Настай менен калып калат. Себеби, Ала-Тоону кыя албайт.
Ошентип, каатчылык өкүм сүргөн 1926-жылы али борбую ката элек боз улан же тууганы, же жакын таанышы жок каардуу турмуш менен бетме-бет калат. Анын бактасына атасы билим берип, сабатын ачып койгон экен. Айтматовдун Дүйшөнү сымал мугалим болуп, айылдагы балдарды окута баштайт. Балдардын саны күндөн күнгө көбөйүп отуруп, Базарбай Шалта, Күнтуу мектептерине директорлук деңгээлге жетет. Элибиз 1924-жылы гана кат тааныганды баштап, 1930-жылдары өлкөбүздө 600 мектеп ачылган. Согуш башталган мезгилде болсо калктын 82 пайызы сабаттуу болуп калган. Ушунун баары Базабай Өмүров сыяктуу алгачкы мугалимдердин эмгегинин үзүрү.
Базарбай Өмүровдун эмгегин жогору баалаган совет бийлиги аны Жалал-Абад облусуна агартууну жайылтууга жиберет. Ошол жактан фронтко аттанып, адегенде 7-чи, андан соң 12-гвардиялык аткычтар дивизиясынын курамында болот. 7-дивизияда ал Москваны коргоп, жарым-жартылай курчоодо калган дивизия төрт күн фашисттердин чабуулунун мизин кайтарса, кийинчерээк Демянск чабуул коюу операциясына катышып, Новгород облусунун аймагын бошотот. Операция кычыраган кыш мезгилинде башталып, саздак жерде жүргөндүктөн, азык-түлүк, ок-дары кечигип келген, жоокерлер болсо басканда, траншея казганда чоң кыйынчылыктарга дуушар болушкан. 1942-жылы дивизия ССчилердин “Мертвая голова” бөлүгү менен толукталган «Зейдлиц» тобунун курчоосунда калып, бир жарым жыл дегенде гана курчоону жарып чыгат.
Новгород менен Псков бошотулган соң Базарбай Өмүров качкан немистердин чоң тобун талкалоого, Прибалтика республикаларын бошотууга катышат. Үчүнчү жолу жарадар болгондон кийин биздин каарман жердешибиз 12-гвардиялык аткычтар тобунда кызматын улантып, Ленин, Кутузов, Суворов ордендери менен сыйланган бул дивизиянын курамында Курск догосундагы тарыхый таймашка катышат, Днепрди кечип өтүп, Беларуссияны, Прибалтиканы бошотот, душмандарды Одерге чейин кууп барат. Жеңиш тууралуу кубанычтуу кабарды мурдагы мугалим, улук лейтент Базарбай Өмүров Эльбада, Берлинге жакын жерден угат. Бирок, капитуляция жарыялангандан кийин да ал дароо эле үйгө кайтпай, Украинаны бендеровчулардан бошотууга катышат.
Согуштан кийин Базарбай Өмүров өзү туулуп-өскөн мекенине кайтып келет. Эми жалпы элдин алдында кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү милдети турду. Мисалы, өнөр жайын согуш алдындагы жылдарга салыштырмалуу үч эсе жогорулатуу керек эле. Билим берүү тармагы да өзгөчө камкордука муктаж болчу. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, согуш жүрүп жатканына карабастан, билим берүүгө бөлүнгөн каражат азайбастан, тескерсинче, такай көбөйтүлүп турган. Ар бир окуучуга бөлүнчү каражат 30 пайызга жогорулатылып, мугалимдердин айлыктары көбөйгөн.
Улук лейтенант Базарбай Өмүров шинелин чечип, Нарын облусунун Чолпон районунда кайрадан балдарды окутууга киришет. Биринчи эле беш жылдыкта мектепердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны үч эсе өстү, башкача айтканда, согушка чейинки деңгээлге гана кайтпастан, андан кыйла ашып түштү.
Өзүнүн өмүрлүк жубайын да Базарбай Өмүров агартуу тармагынан тапкан. Чолпон айылынан ал 22 жаштагы физика жана математика мугалими Самар Атабекованы жолуктуруп калат. Ал кезде аялдар мугалим, болгондо да табигый илимдердин мугалими болгон учурлар өтө сейрек эле. Анткени, Кыргыз ССРинде аял педагогдорду даярдоо 1949-жылы, кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы, азыркы И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети ачылгандан кийин гана башталган.
Бул үй-бүлөдө китепке болгон мамиле өзгөчө эле. Уулу Кудайберген Базарбаевдин айтымында, атасына таандык Владимир Ильияч Лениндин ”Эмне кылуу керек” деген китеби алардын үйүндө дале сакталуу. ”Атам бул китепти 1946-жылы окуп, биринчи бетине кол тамгасын коюп койгон экен. Азыр да ал китеп менин үйүмдө, эң көрүнүктүү жерде турат. Китепти карандаш менен окуп, маанилүү жерлерин белгилеп койгонду бизге атам үйрөткөн, биз болсо балдарыбызга үйрөттүк. Апам өмүр бою мектепти таштаган жок, жүздөгөн балдарды тарбиялап чыгарды”-дейт Кудайберген Базарбаев.
Бул үй-бүлө алты бала менен иш боюнча далай жолу орун которуп,Чолпон районунан Ат-Башыга көчүштү. 1962-жылы Базарбай Өмүровду Токмоко которушуп, ал жерде да алты жыл иштейт. Дал ушул жерде госпиталдардан чала дарыланып, 23 жыл бою денесин азапка салган душмандын огу акыры өз өкүмүн жүргүзүп, 1968-жылы көз жумду.
Азыр ал киши биздин арабызда жок. Бирок, артында үлгүлүү өмүрү, балдарына, небере-чеберелерине айткан «адам жаркын келечеке жетиши үчүн ойдон чыгарылган эмес, чыныгы болгон өтмүшүн билиши керек», — деген насаат сөзү калды. Базарбай Өмүров кыргыздын каада-салтын жакшы билген, өзү да нарк -насилди катуу сактаган инсан эле. Нарк-насилсиз адам адам, улут улут болушу кыйын. Бүгүнкү күндө Президентибиз ага өзгөчө маани-берип, атайын Жарлык чыгарганы да бекиринен эмес да.
Бүгүн, Улуу Жеңиштиин алдында биз даңктуу колбашчыларды эскергенде башкалар катары эле өз мекенин жоодон коргоп, дүйнөнү фашизмдин эзүүсүнөн куткарган советтик жоокер, пулеметчу, улук лейтенант Базарбай Өмүровду да кошо эстейбиз…
Мамат САБЫРОВ
№33 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 30-апрели