"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган балбан ким?

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы (U23) дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмакта Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын өлкөлөрүнүн спортчуларын утуп, финалга чыккан.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон беттеште америкалык Джэксон Патрик Форрест менен бетме-бет чыкты.