* Түштүк Кореяда 4-сентябрда 120 миңге жакын мектеп мугалимдери өлкө боюнча митингдерди өткөрүштү. Анын ичинен 50 миңге жакыны Сеул шаарында чогулуп, кореялык ата-энелерге нааразы экендиктерин айтышты. Митинг уюштурган мугалимдер корей бийлигинен алардын укуктарын коргоону талап кылышты. Анткени, акыркы алты жылда Түштүк Кореяда 100дөн ашык мамлекеттик мектептердин мугалимдери өз жанын кыйган. Алардын жарымынан көбү төмөнкү класстарда иштеп, ата-энелердин кысымына чыдабай калгандыктарын айтышканы белгилүү болду. Мыйзам боюнча Түштүк Кореяда иш таштоого катышкан мугалим кызматынан кол жууйт. Бирок, бул учурда бийлик ата-энелер тарабынан кысымга кабылган мугалимдерге колдоо көрсөтүүнү убада кылды.
* Индиянын өкмөтү өлкөнүн атын “Бхарат” деп хинди тилинде өзгөртүүнү сунуш кылышы мүмкүн экендигин билдирди. Бул маселени парламент сентябрь айындагы кезексиз жыйынында карайт. Индиянын Конституциясына ылайык, өлкөдө эки расмий тил иштейт. Алар англис жана хинди тили болуп саналат. Андыктан англис тилинде өлкө Индия, ал эми хинди тилинде – Бхарат деп аталып келет.
* Болгарияда апта башында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор катталды. Болгариянын Ички иштер министрлиги 6-сентябрда Кара деңизге жакын, туристтер көп барган Царево калаасында эки эркек жана бир аял каза болгонун, эки аялды издөө иштери уланып жатканын билдирди. Нөшөрдөн улам дарыяларда суу ташкындап, көпүрөлөрдү агызып кеткени, эки дамба бузулганы, жер көчкү болгону тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Полиция көптөгөн имараттарды суу каптаганын, электр жарыгы өчүрүлгөнүн маалымдады.
* Түркиянын Стамбул жана Кыркларели калаасында да 5-сентябрь күнү сел жүрүп, алты адам набыт болгону белгилүү болду. Грецияда да суу ташкынынан бир нече адам каза болгон. Эки апта мурда ошол эле өлкөлөрдө ысык аба ырайы катталып, токой аянттары өрттөнгөн. Айрым өлкөлөрдө сел жүрүп жатса, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм дүйнөдө глобалдык коркунуч пайда болгонун өз докладында жар салды. Ал коркунуч “Абанын булганышы болот” дешти синоптиктер. Уюм дүйнөдө ысык аба ырайынын узак мөөнөткө созулушунан улам аба бузулуп жатканын айтты. Андыктан климаттын ысышын токтотуу үчүн күчтүү өнөктөштүктүн, инвестициянын көбөйүшүнүн жана жалпы жоопкерчиликтин зарылдыгы белгиленди. Окумуштуулар келечекте аптаптуу ысык аба ырайы күчөп, токой аянттары көп өрттөнөрүн айтышты.
* АКШ 6-сентябрга караган түнү Minuteman III — континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады. Дүрмөттөлбөгөн ракета Калифорниядагы Ванденберг аскердик базасынан учурулган. The Moscow Times басылмасы АКШ жыл башынан бери өзөктүк кубаты бар континенттер аралык баллистикалык ракеталарды үчүнчү ирет сыноодон өткөргөнүн жазды. Басылма бул сыноо Москва Украина согушунун тушунда, орусиялык айрым чиновниктердин өзөктүк куралды айтып коркутуп сүйлөгөн маалда болуп жатканын белгиледи. АКШ армиясы Minuteman III ракеталарын 1970-жылдардын башынан бери колдонот. 15 миң км чейин жеткен ракета 0,3-0,6 мегатоннага чейин өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүгө жөндөмдүү. Учурда АКШда 400гө жакын Minuteman III бар.
* Өзбекстанда көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда. “Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске» өзгөртүү жана толуктоо киргизилип жатканын парламенттин басма сөз кызматы 5-сентябрда билдирди. Өзбек парламенти өлкөдө коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну да сунуштап жатат. Мыйзам долбоору эки окууда жактырылды. Документте диний, улуттук, этностук өзгөчөлүгүнө карап басынтууга тыюу салынып, мыйзамдуу никеси жок жуптарга диний нике кыйгандардын жоопкерчилигин кароо белгиленген. Эгер мыйзам долбоорун Сенат жактырып, президент кол койсо мыйзам күчүнө кирет жана көп аялдуулукка бөгөт коюлмакчы.