"Эркин-Тоо"
Экономика

Дүйнөдө экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүүсү байкала баштады

 Пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын рецессиядан чыгуусунун эң кубаттуу көрсөткүчтөрү байкала баштады. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк билдирди. Маалыматта быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөт деп күтүлүп жаткандыгы айтылат.

Дүйнөлүк банктын божомолунда, АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Январда бул сан 3,5% деп көргөзүлгөн. Кытайдын экономикасын 8,5% өсүш күтүүдө. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2%га жогорулайт. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Маалыматка караганда, ал өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүп, эмдөө жараянына тоскоолдуктар көп болууда, мамлекеттик колдоо программалары токтоп калган.