"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Дүйнөдөгү эң чоң телескоп алгачкы ирет асманды сүрөткө тартты

RBC маалымат агенттиги билдиргендей, Чилиде Вера Рубин атындагы дүйнөдөгү эң чоң жаңы телескоп алгачкы ирет түнкү асманды сүрөткө тартты. Сүрөттөрдөн миллиондогон жылдыздарды жана галактикаларды көрүүгө болот.

Астрономдордун айтымында, бул телескоп чоң аянтты бир заматтын ичинде сүрөткө тарта алат жана мурда белгисиз болгон көптөгөн жылдыздарды аныктоого жардам берет.

Тартылган сүрөттөрдөн 2100дөн ашык мурун белгисиз болгон астероидди көрө алабыз. Алардын ичинде Жерге жакын 7 астероид да бар. Бирок алар планета үчүн коркунуч туудурбайт.

Телескоп быйыл жазында ишке кирген. Астрономдор бул телескоптун жаңы ачылыштарга жол ачып, изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишенишет.