"Эркин-Тоо"

Дүйнөдөгү таң калыштуу кесиптер

Дүйнө жүзүндө баш аягы 40 миңдей кесиптин түрү бар. Алардын айрымдары жоголуп бара жатса, айрымдары жаңыдан гана пайда болууда. Ал эми кээ бир кесиптер өзү өзгөрбөсө дагы заманга жараша супервайзер, мерчендайзер деген сыяктуу аттары өзгөргөн. Булардын ичинде Сизди таң калтыра турган, балким ичиңизди күйгүзө турган кесиптер дагы бар. Анда эмесе ушундай таң калыштуу кесиптер менен таанышыңыз.

  1. Жүргүнчүлөрдү пресстөө. Жогорудагы элге бай мамлекеттеги дагы бир кызыктай кесип бул — жүргүнчүлөрдү престөө. Кытай метросунда кымгуут маалда эл кескин түрдө көбөйөт. Алардын бардыгын вагондорго батыруу алардын негизги жумушу. Өз кызматын алар жүргүнчүлөр былчыйып же аба жетпей демигип калбагандай аткарышы зарыл.
  2. Маймыл адам. Индия дагы элге гана бай өлкө болбостон маймылдарга дагы бай. Адамдардан коркпогон, тамагын талаша турган, бекеттерде поездерге жолтоо боло турган маймылдын балдары адамдарды чоң убарага салат. Мындай убарадан арылтуу үчүн айрым бекеттерде маймылдын кийиминдеги адам ары-бери басып, кичинекей маймылдарды коркутуу менен бирге эле кичинекей балдарга кубаныч тартуулап дагы иштейт.
  3. Пингвиндерди тургузуучу. Бул иш менен алек болуу үчүн Антарктидага баруу зарыл. Негизинен, пингвиндер чалкасына кулашпайт, бирок, ал жердеги аба майданынан көтөрүлгөн учактарды карап жатып, чалкаларынан түшүп калышат. Ал эми пингвин андай абалынан өзү туруп кете албайт. Ар бир учуудан же конуудан кийин пингвин тургузуучу адам аэродромдун тегерегин кыдырып, өйдөлөнгөн байкуштарды тургузуп чыгат.
  4. Кезекте туруучу. Кезек күтүп көп убакыт текке кетирген учурларыбыз көп болот. Ал эми британияда башкалар үчүн кезеке туруу кызматы бар. Бул кызмат саатына 40 баксты түзүп арзан эмес иштердин катарына кирет. Бирок, англичандар үчүн аларды жалдоо арзанга турат, анткени кезекте тура берип жашоосунун бир жылдай убактысын коротушат.
  5. Кесипкөй уйкучу Иштеп жатып уктап калган болсоңуз башчыңыздан тил угуп акыңыздан ажырап калышыңыз мүмкүн. Ал эми Нью-Йорктогу заманбап искусство музейиндеги уйкучулар ойго жатса акысынан ажырап калуу коркунучу бар. Музейдин кесипкөй уйкучулары жууркан жамынып уйкуга кетүү менен кызматына киришет анткени алар көргөзмө экспонаты болуп иштешет. Заманбап искусствонун мындай чыгармасы жөн гана «Бул Кейт» деп аталышы мүмкүн.
  6. Эстелик адам. Айрым өлкөлөрдө кеңири таралган бул кесиптин ээлерин эс-алуу жайларда, компаниялар уюштурган иш-чараларда, о.э. шаардын көчөлөрүндө кезиктирүүгө болот. Бир топ убакыт бир кыймылда катыган бойдон эстеликтей туруу жеңил иш эмес. Бирок, бул адамдар кыймылы жок сааттап тура алгандыктан көргөндөр аларды чыныгы эстелик катары кабыл алышат. Ошентип, эч бир кыймыл кылбастан саатына 25 $ 200 долларга чейин акча табууга болот Ар бир кесип. ардактуу демекчи кайсы кесипти тандабайлы ырыскыбызды адал иш ак мээнет менен табалы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!