Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы калктын жашоосу боюнча жүргүзгөн анализи тууралуу айтып, Facebook баракчасына мындай деп жазды:
«Дагы бир кубанычтуу маалыматты сиздерге сунуштайм. Дүйнөлүк банк жыл сайын сурамжылоо уюштуруп, элдин жашоосун, бийликке болгон ишенимин, жалпы эле Кыргызстандагы абалга анализ жасашат. Бул жолку изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:
Жалпысынан, Дүйнөлүк банктын сурамжылоосуна ылайык, Кыргызстанда акыркы үч жылда турмуштук шарттар жана элдин бийликке ишеними кыйла жакшырганы көрсөтүлгөн.
2022-жылы элдин 70%ы өкмөт туура реформа жүргүзүп жатат десе, 2025-жылы бул көрсөткүч 90%га жетти.
Өзүн финансылык жактан туруктуу сезгендер 33%дан 80%га чейин көбөйдү.
Экономикалык абалга ишенгендер 72%дан 91%га өстү.
Мамлекеттик бийлик коррупция менен натыйжалуу күрөшүп жатат дегендердин ишеними айылда 93%, шаарда 89% болду.
Үй-бүлөлөрдүн 86%ы азык-түлүк жетиштүү деп эсептешет (мурун 41% болчу). Бул багытта ийне-жибине чейин сурамжылоо кылышып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышты.
— Ачкачылык жана тамак-аш жетишсиздиги кыйла кыскарды:
— Ачка болгондор 12%дан 2%га чейин түштү.
— Бир күн тамаксыз калгандар 8%дан 2%га чейин азайды.
— Тамак-аш түгөнүп калганы 41%дан 5%га чейин төмөндөдү.
— Тамак өткөрүп жибергендер 14%дан 6%га түштү.
— Тамак-ашка тынчсыздануу 33%дан 10%га чейин азайды.
— Жашоосуна ыраазы болгондор 54%дан 80%га чейин көбөйдү.
— Өтө нааразы болгондор азайды.
Ишкердик жана социалдык абал боюнча, элдин 91%ы жергиликтүү экономиканы жакшы дешет. 76%ы азыр жумуш табууга же бизнес баштоого ыңгайлуу мезгил деп көрсөтүшкөн. 87%ы өкмөт социалдык жардамды жакшыртканын белгилейт. Айылда 83%, шаарда 76% бийликтин ачыктыгын жана эл менен диалогун жогору баалашат. Ошондой эле, жакырмын дегендердин саны 24%дан 14%га чейин азайды, орто класс көбөйүүдө.
Дүйнөлүк банк – дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ар кандай багыттагы изилдөөлөрүн жүргүзүп, калыс жана бейтарап баа берип келет. Жогорудагы мен санап өткөн жыйынтыктар – Дүйнөлүк банктын анализи.»

