"Эркин-Тоо"
Пресс Экономика

ДҮЙНӨЛҮК БАНК: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ ӨСӨТ

Дүйнөлүк банктын январь айындагы докладында 2023-жылы Кыргызстандын экономикасы 3,5%га өсөрү айтылды. Экономикалык өсүш Казакстан жана Өзбекстанда да катталары болжолдонгон. Жалпылап айтканда Борбордук Азия аймагында жайгашкан мамлекеттердин экономикасы ушул жылы 3,9%га көтөрүлөөрү көрсөтүлгөн.