"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Дүйнөлүк рейтингдик турнирде алгачкы жолу кыргыз спортчусу каратэ боюнча алтын алды

Үстүбүздөгү жылдын 4–7-декабрь күндөрү Италияда өткөн каратэ турниринде Кыргызгызстандын курама командасынын мүчөсү Алинур Камилов чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

«Бул кыргыз каратэсинин дүйнөлүк рейтингдик турнирлеринин тарыхындагы биринчи алтын медаль болду», – деп билдирди агенттик.

Спортчу турнирге 70 килограммдан жогорку салмактагылар арасында катышты.

Белгилей кетсек, WKF уюмунун дүйнөлүк рейтингдик каратэ турнири Италиянын Лидо-ди-Езоло шаарында өттү жана ага 77 өлкөдөн 3045 спортчу катышты.